ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Хожалы кыргынынын 34 - жылы: "Абийирлерде уяттуу кара так"
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 1992-жылы Карабах аймагында армян күчтөрү тарабынан азербайжандык 613 жай тургундун өлтүрүлүшүн айыптады.
Хожалы кыргынынын 34 - жылы: "Абийирлерде уяттуу кара так"
1275 туткунга түшкөн азербайжандыктын болжол менен 150сү дайынсыз бойдон калууда, ал эми сегиз үй-бүлө кырылган./ Azernews / Others

Түркия 1992-жылы Армениянын күчтөрү тарабынан Карабах аймагындагы Хожалы шаарында азербайжандык жарандардын массалык түрдө өлтүрүлүшү болгон Хожалы кыргынынын курмандыктарын эскерди.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө: "Азербайжандын Карабах аймагындагы Хожалы шаарында бейкүнөө жарандарга каршы жасалган кыргынды айыптайбыз", - деп билдирди.

Билдирүүдө : “Хожалыда болгон мыкаачылык абийирлерде уяттуу кара так бойдон кала берет. Өлтүрүлгөн 613 боордошубуздун, жарадар болгондордун, туткунга алынган жана дайынсыз жоголгон бардык азербайжандык бир туугандарыбыздын азасын дайыма жүрөгүбүздө сактайбыз. Хожалы кыргынында каза болгон боордошторубузга Аллахтан ырайым тилеп, Азербайжан элине көңүл айтабыз”, - деп айтылды.

Ходжалыда болгон окуялар

Армян күчтөрү Советтер Союзу таркагандан көп өтпөй, 1992-жылдын 26-февралында оор артиллерия жана танктар менен бомбаланган Карабахтын Хожалы шаарын басып алышты.

Азербайжандын маалыматтары боюнча, шаар эки саатка созулган армян чабуулуна дуушар болуп, анда 613 азербайжандык жай тургун, анын ичинде 106 аял, 63 бала жана 70 кары - картаңдар каза болуп, 487 адам оор жаракат алган.

Кыргын учурунда армяндар туткунга алган 1275 азербайжандыктын болжол менен 150сү бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз ал эми сегиз үй-бүлө толугу менен жок кылынган.

1990-жылдардын башындагы Биринчи Тоолуу Карабах согушунан бери Карабах аймагы массалык кыргындарга күбө болду. Бул согуш учурунда Армения армиясы Азербайжандын бир бөлүгү катары эл аралык деңгээлде таанылган Карабахты жана Хожалы менен бирге коңшулаш жети районду басып алган.

2020-жылдын күзүндө, 44 күндүк согуштан кийин, Азербайжан Карабахтагы көптөгөн шаарларды, айылдарды жана конуштарды дээрлик 30 жылдык армян оккупациясынан бошотту.

Азербайжан 2023-жылдын сентябрь айында "терроризмге каршы операциядан" кийин аймактагы сепаратисттик күчтөрдүн багынышы менен Карабахта толук эгемендүүлүктү орнотту.

Түркия Хожалы кыргынын геноцид катары тааныган жана жабырлануучулар үчүн адилеттүүлүктү орнотууга чакырган алгачкы өлкөлөрдүн бири болду.

Иликте
Европа инвестициялык банкынан Түркиянын жашыл трансформациясына 200 миллион евро каражат бөлүнөт
Ооганстан: "Пакистандын аба соккуларынан кеминде 13 адам каза болду"
2025-жылы мамлекеттер аралык жаңжалдар ​​Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң жогорку деңгээлге жетти
Украинанын президенти Зеленский Европанын сүйлөшүүлөргө катышуусу керектигин билдирди
Тышкы иштер министри SEEP саммитине президент Эрдогандын атынан катышат
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Анталияда жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун үчүнчү этабы башталды
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү