Түштүк Африка президенттигинин басма сөз катчысы G20 саммитинин декларациясы кабыл алынганын айтты

Саммиттин декларациясы адатта аягында кабыл алынган күн тартибинин биринчи орунга жылдырылды.

By
G20 лидерлеринин саммити ишемби күнү Йоханнесбургда ачылды, делегаттар эки күндүк сүйлөшүүлөр үчүн чогулуп жатканда.

Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафосанын басма сөз катчысы Винсент Магвеня Йоханнесбургдагы G20 саммитинде лидерлердин  саммиттин декларациясын кабыл алганын ырастады.

Магвеня ишемби күнү SABC коомдук телерадиокомпаниясына: "Бир добуштан кабыл алууга жакындап жатканбыз жана эми бир  саммит декларациясы кабыл алынды", - деди

Магвеня программада "бир аз өзгөрүүнүн" болгонун айтты. Саммиттин декларациясынын адатта сессиянын аягында кабыл алынса да, эки тааптуу сүйлөшүүлөр учурунда мунун отурумдун калган бөлүмүнөн мурун кабыл алынышы керектиги тууралуу пикир пайда болду жана күндүн биринчи пунктуна киргизилгендигин айтты.

Декларация Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы жана эл аралык укуктун келишпестиктердин чечилишинде,  күч колдонуудан баш тартууда жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүдө негизги жол көрсөткүчү болууну улантканын тастыктады. 

Декларацияда  климаттык кризистин олуттуулугу баса белгиленип, глобалдык кайра жаралуучу энергиянын кубаттуулугун үч эсе көбөйтүү боюнча эл аралык аракеттерди бекем колдоо билдирилди.

"Бир  өлкө үчүн эрежелерди бурмалай албайбыз"

G20 лидерлер саммити ишемби күнү Йоханнесбургда ачылды; делегаттар эки күндүк сүйлөшүүлөр үчүн чогулушту.

Бул айдын башында АКШнын президенти Дональд Трамп Түштүк Африканы ак африкан калкына карата "адам укуктарын бузууда" деп айыптап, жыйынга америкалык расмий өкүл жөнөтпөй турганын жарыялаган. Түштүк Африка өкмөтү бул айыптоолорду негизсиз деп бир нече жолу четке каккан.

"Бир нече өлкөнүн бар экенин эске алуу маанилүү. Биз бир өлкө үчүн эрежелерди буза албайбыз. Декларациянын кабыл алынышы  менен бирге  бул процесстин бир бөлүгү болгон жана G20ны ийгиликтүү болушу үчүн талыкпай эмгектенгендерге сый көрсөтүшүбүз керек",- деди. 

1999-жылы негизделген G20 19 өлкө менен  эки аймактык орган болгон Европа Биримдиги жана Африка Биримдигинен турат.