ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Колумбиядагы 7,4 баллдык жер титирөө: 132 адам каза болду
Жер титирөө Венесуэланын, Эквадордун жана Панаманын ар кайсы аймактарында да сезилди.
Колумбиядагы 7,4 баллдык жер титирөө: 132 адам каза болду
Колумбияда 7,4 баллдык жер титирөө катталды

Түштүк Америка өлкөсү Колумбияда кечээ болгон 7,4 баллдык жер титирөөдөн 132 адам каза тапты.

Колумбия борборлор ассоциациясы (Asocapitales) өлкөгө таасир эткен 7,4 баллдык жер титирөөдөн кийинки акыркы кырдаал боюнча билдирүү таратты.

Билдирүүгө ылайык, каза болгондордун саны 132ге жетти, ал эми 700дөн ашык адам жаракат алды.

Улуттук маалымат каражаттарынын кабарына караганда, эң көп өлүм жана кыйроолор катталган Перейра, Кали, Кибдо, Манисалес жана Арменияда кызыл эскертүү жарыяланып, коопсуздук максатында бул шаарларда коменданттык саат киргизилди.

Издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз уланып жаткан шаарлардын ичинен эң көп өлүм Перейрада катталып 60 адам каза тапты.

Басма сөз каражаттарынын маалыматына караганда, 188 адам дайынсыз болууда жана каза тапкандардын саны дагы да көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Өлкөнүн үчүнчү чоң шаары болгон Калиде жер титирөөдөн улам айрым жолдор талкаланып, 10 оорукана иштебей калды. Борбор шаар Богота менен Медельинден издөө-куткаруу топтору жардам көрсөтүү үчүн аймакка жөнөтүлдү.

Кибдо жана Манисалес шаарларында жер титирөө суу, электр энергиясы, телекоммуникация жана транспорт кызматтарынын үзгүлтүккө учурашына алып келди.

Калиде коменданттык саат жарыяланды

Кали шаарынын мэри Алехандро Эдер басма сөзгө талап-тоноочулуктун алдын алуу жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн коменданттык саат жарыяланганын айтып, бул чечим өзгөчө кырдаалдар жана куткаруу топторунун коопсуз жана тезирээк иштешине мүмкүндүк берүү үчүн кабыл алынганын кошумчалады.

АКШнын Геологиялык илиздөөлөр кызматы (USGS) 7,4 баллга жеткен жер титирөө Колумбиянын батышындагы Сан-Хосе-дель-Пальмар шаарынан болжол менен 5 чакырым чыгышта болгонун билдирди.

Венесуэлада, Эквадордо жана Панамада да сезилди

Жер титирөө Колумбия менен катар Венесуэла, Эквадор жана Панаманын ар кайсы аймактарында да сезилди.

Венесуэладагы Telesur веб-сайтынын маалыматына караганда, Колумбиядагы жер титирөөдөн улам Венесуэлада айрым имараттардын дубалдары жарым-жартылай урап, собор менен аэропорт зыянга учурады.

Иликте
Ливан кайрадан Израилдин чабуулдарына кабылып, адамдар каза болду
Непал-Кытай суу ташкынынан каза болгондордун саны 1300дөн ашты, миңдеген адамдар дайынсыз жоголду
ЕБ: "Газанын демографиялык же аймактык курамын өзгөртүү боюнча бардык аракеттерди четке кагабыз"
Иорданиянын тышкы иштер министри Ирандын өлкөсүнө кол салуулары "жооп кайтаруу эмес" деди
Орусия: "Украинадагы логистикалык борборго, кемелерге жана портторго сокку урдук"
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы селдерден улам 17 миң 500 адам эвакуацияланды
Nvidia компаниясы Hugging Face платформасын болжол менен 13 миллиард долларга сатып алат
Непалдагы туннелден бир жумадан ашык убакыттан кийин эки адам куткарылды
АКШ Өкүлдөр Палатасы Израилди бойкот кылган университеттерге санкция киргизүүчү мыйзам долбоорун кабыл алды
Израилдин премьер-министри Нетаньяху: "Биздин негизги милдетибиз - Иран режимин кулатуу"
Нигерияда мунай уурдоо аракет кылган 43 адам каза болду
Улуттук коргоо министрлиги: "Сирияга колдообуз улана берет"
Нидерландия АКШ менен Канададагы 86 тонна алтынын Британияга которду
Иран армиясы: "Кувейттеги жана БАЭдеги АКШнын базаларын ракеталар жана дрондор менен бутага алдык"
Израилдин ок атуусунан эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болду
Грецияда Батыш Нил вирусун жуктуруп алгандардын саны 290го жетти
Даниянын чалгын кызматтары орус саботаж ыктымалдуулугуна каршы эскертти
Орусия Москвага багыт алган 37 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады
АКШнын армиясы Тынч океандын чыгышында бир кемени чөктүрдү
Трамп Иран менен согушту токтотууну карап жатат