ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Түндүк Кореянын лидери Ким Путинге жолдогон катында Россияга "бекем колдоо" убадасын берди
Ким өз өкмөтүнүн Москва менен кызматташууну "кеңейтүү жана тереңдетүү" боюнча чечкиндүүлүгүн ырастады.
Түндүк Кореянын лидери Ким Путинге жолдогон катында Россияга "бекем колдоо" убадасын берди
(АРХИВ) Түндүк Кореянын лидери Ким Путинге жолдогон кайрылуусунда Орусияга «бекем колдоо» көрсөтүүгө убада берди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсүнүн Россиянын президенти Владимир Путинге "чексиз колдоо" убадасын берди.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги KCNAнын маалыматы боюнча, Ким Путиндин Түндүк Кореянын негизделишинин 78 жылдыгына карата куттуктоосуна жооп кайтарды.

Ким билдирүүсүндө Түндүк Корея менен Россиянын биримдигин бекемдеп, "адилеттүүлүктү жана тынчтыкты биргелешип коргоп, союздаштык тарыхына жаңы барак кошууну улантып жатканын" билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы достук, жакшы коңшулук жана өз ара жардамдашуу салттарына токтогон Ким өкмөтүнүн Москва менен кызматташууну "кеңейтүү жана тереңдетүү" боюнча чечкиндүүлүгү "эч бир шектенүүгө орун бербей турганчалык терең" экендигин билдирди.

Ким билдирүүсүндө: "Улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын жана жана эл аралык адилеттүүлүктү коргоо үчүн бул ыйык согушта (Украинага каршы) Россия жеңишке жетет деген бекем ишеним менен сизге, тактап айтканда кымбаттуу досума жана бир тууган орус элине чексиз колдоо көрсөтөм",- деди.

Жаңы союздаштык келишими

Ким Чен Ындын 2023-жылдын сентябрь айында Россиянын Чыгыш Сибирь аймагына болгон сапары Пхеньян менен Москванын ортосундагы карым - катнаштарда жаңы доордун башталышын белгиледи.

Тогуз айдан кийин орус лидери Түндүк Кореяга расмий сапар менен барып, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлду.

Путин келишим бир тарапты экинчи тарапка кол салуу болгон учурда аскердик жардам көрсөтүүгө милдеттендиргенин билдирди.

Түндүк Кореянын лидери Ким келишимди "пакт" деп атап, карым - катнаштардын "жогорку альянс" деңгээлине көтөрүлгөндүгүн баса белгилеген.

Иликте
Президент Эрдогандын түрк мамлекеттерин кызматташтык күнү менен куттуктады
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду