ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ Иран согушуна байланыштуу чыңалуу күчөгөндүктөн, Германиядан 5000 аскерин чыгарат
Пентагон АКШ аскерлерин чыгарып кетүү процесси алдыдагы алты айдан он эки айга чейин созуларын жарыялады.
АКШ Иран  согушуна байланыштуу чыңалуу күчөгөндүктөн, Германиядан 5000 аскерин чыгарат
Германия — АКШ аскерлеринин Европадагы эң ири базасы жайгашкан өлкө. Ал жерде болжол менен 35 000 кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери бар. [Архив] / Reuters

АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет келерки жылдын ичинде Германиядан болжол менен 5 миң аскерди чыгаруу боюнча буйрук берди.

Пентагондун жума күнкү билдирүүсү президент Дональд Трамптын ушул жуманын башында Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен Иранга каршы АКШ-Израиль согушуна байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктен кийин, НАТО боюнча союздашы болгон Германиядан аскерлерин чыгара турганын айткандан кийин жарыяланды.

Пентагондун өкүлү Шон Парнелл билдирүүсүндө: "Биз аскерлерди чыгарып кетүү кийинки алты айдан он эки айга чейин cозулушун күтүп жатабыз", - деди.

Парнелл : «Бул чечим министрликтин Европадагы күчтөрдүн жайгашуусун ар тараптуу талдоосунан кийин жана согуштук аймактагы талаптар менен жергиликтүү шарттарды эске алуу менен кабыл алынды», — деп кошумчалады.

Шейшемби күнү Трамп Мерцтин "Ирандын өзөктүк куралга ээ болушунда эч кандай көйгөй жок деп ойлогонун" айтып: "Ал эмне жөнүндө айтып жатканын билбейт!",- деди.

Шаршемби күнү Трамп Вашингтондун Германиядагы АКШ аскерлеринин санын "азайтууну карап жатканын " белгилеп,  "жакында" чечим чыгарарын айтты.

«Эмнеге болбосун?»

 Бейшемби күнү Трамп согуш учурунда колдоо бербегендиктен АКШнын  аскерлерин Италия менен Испаниядан чыгарып кете аларын айтты. Трамп Овал кабинетте кабарчылар менен болгон маегинде: «Италия бизге эч кандай жардам берген жок, ал эми Испания болсо абдан коркунучтуу эле», - деди.

Трамп: «Ооба, балким, муну жасайм. Эмне үчүн кылбашым керек?» — деп кошумчалады.

2025-жылдын 31-декабрына карата Италияда 12 662, Испанияда 3814 жана Германияда 36 436 АКШ аскери болгон.

Мароккого болгон иш сапары учурунда Германиянын Тышкы иштер министри Иоганн Вадефул бейшемби күнү Германия АКШ аскерлеринин азайтылышына «даяр» экенин жана бул маселени «бардык НАТО органдарында жакын жана ишенимдүү» талкуулап жатышканын айтты.

Вадефул Германиядагы АКШ аскерлерин азайтуу идеясына «даяр» экенин, бирок Американын Германиядагы базаларынын «талкууланбай турганын» айтты.

Вадефул Рамштайн аба базасы тууралуу "АКШ үчүн да, биз үчүн да чоң мааниге ээ" деди.

Ошол эле учурда, Европа Биримдиги  бейшемби күнү АКШнын аскерлерин Европага жайгаштыруу Вашингтондун кызыкчылыгына туура келерин жана АКШ "Европанын коопсуздугуна жана коргонуусуна салым кошкон маанилүү өнөктөш" экенин билдирди.

 

Иликте
Улуттук аялдар волейбол командасынын Европа чемпиондугу Италиянын басма сөз беттеринде
Орусия: Германия Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты
Президент Эрдоган Европа чемпиону болгон А Улуттук аялдар волейбол командасын куттуктады
Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетти
Жер Ортолук деңизиндеги эң ири айлана-чөйрөнү коргоо өнөктүгү Фетхиеде башталды
Индонезиядагы жанар тоо атылып чыккандан кийин 1500дөн ашык каттам токтотулду
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Орусия АКШ жана Кытай менен үч тараптуу саммит өткөрүүгө даяр
Революциялык гвардия: АКШ блокадасы Иранга караганда Вашингтонго көбүрөөк чыгым алып келиши мүмкүм
Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра аймагын бомбалады
Анкаранын 8 айдагы экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 20,7% өстү
Украина: Россияга багытталган операцияны кийинки аптада  кайра кайталайбыз
Иран:"Эч кимдин балдарыңыздарды Израиль үчүн жалданма аскер кылуусуна уруксат бербеңиздер"
Израиль гезити карызы бар америкалыктар үчүн Иранга кол салуу планын сунуштады
Россиядан АКШга билдирүү: Украина боюнча чечим согуш талаасындагы чындыкты чагылдырышы керек