Керкүктүн түштүгүндөгү Вади Зихетун аймагында Ирак армиясынын бөлүктөрүнүн операциясы учурунда жол жээгине коюлган бомба жарылып, эки жоокер каза болду.
Ирактын расмий маалымат агенттиги INA кабарына караганда, мурда ДЕАШ террордук уюму тарабынан коюлган колго жасалган жарылуучу зат Ирак армиясынын бөлүктөрүнүн издөө жана тазалоо операциясы учурунда жарылып кетти.
Кол салуудан бири офицер, экинчиси катардагы жоокер жалпы эки ирактык аскер каза болду. Жарылуудан кийин Ирак армиясы жана федералдык полиция күчтөрү кол салууга жооптуу террористтерди нейтралдаштыруу жана аймактагы башка ыктымалдуу тузактарды тазалоо үчүн кеңири масштабдуу операция баштады.
Ирактын мурдагы премьер-министри Хайдер аль-Абади 2017-жылдын 10-декабрында ДЕАШ террордук уюмуна каршы аскердик "жеңишке" жетишилгенин жана уюмдун өлкөдөгү аймактык көзөмөлү аяктаганын расмий түрдө жарыялаган.
Бирок аскердик жеңишке карабастан ДЕАШка караштуу террористтик топтор Ирактын түндүк, батыш жана чыгыш провинцияларынын тоолуу жана айыл жерлеринде өз ишин улантып, кээде коопсуздук күчтөрүнө жана жарандарга каршы чабуулдарды жасап турушат.
Ирактын коопсуздук күчтөрү уюмдун калдыктарын толугу менен жок кылуу үчүн стратегиялык аймактарда аскердик жана коопсуздук операцияларын тынымсыз улантууда.




















