ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия менен БУУ Дамасктагы кол салууну айыптап, терроризмге каршы биримдикте болууга чакырышты
Мар Элиас чиркөөсүндөгү жанкечтилик кол салууда кеминде 22 киши набыт болду.
Түркия менен БУУ Дамасктагы кол салууну айыптап, терроризмге каршы биримдикте болууга чакырышты
UN, Türkiye condemn deadly church attack in Damascus, call for unity against terrorism / TRT World and Agencies

Түркиянын тышкы иштер министрлиги жана БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү, Сириянын борбор шаары Дамасктагы чиркөөгө жасалган жанкечтилик жардырууну катуу айыптап, терроризмге каршы күрөшүүдө улуттук биримдикке чакырышты.

Гейр Педерсен жекшемби күнү Дамасктын Дувейла районунда жайгашкан Мар Элиас чиркөөсүндөгү жөрөлгөгө катышкан жарандардын өлүмүнө жана жаралануусуна алып келген "террордук кол салууну" айыптады.

“Массалык сыйынууга катышкан жайкын тургундарды өлтүрүп, жарадар кылган бул террордук чабуулду катуу айыптайм”, – деген Педерсен “Окуя боюнча толук иликтөө жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүшү керек” деп кошумчалады.

Түркия да бул кол салууну айыптады. Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кол салууда кеминде 20 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды.

Министрликтин айтымында, ДЕАШ террордук уюмуна караштуу жанкечти чиркөөнүн ичинде ок чыгарып, андан кийин өзүн жардырып жиберген.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, кол салуу Сирияны туруксуздаштырууну жана коомдук ынтымакты бузууну максат кылганын кабарлады.

«Бул кол салуу Сирияда стабилдүүлүк менен коопсуздукту орнотуу аракеттерине доо кетирүү жана коомдук тынчтыкты жана ынтымакты бузууну көздөйт», - деп билдирди министрлик.

Анкара Сириянын эгемендигин жана биримдигин колдоорун дагы бир жолу баса белгилеп, «зарыл болгон бардык жардамды» көрсөтүүгө даяр экенин жана Сирия элинин чыдамкайлыгына ишенерин билдирди.

Бул жардыруу Сириянын Ички иштер министрлиги 26-майда Дамасктын аймактарында ДЕАШ террордук уюмуна таандык жайларды аныктаганын жарыялагандан бир нече жума өткөндөн кийин болду.

Коопсуздук күчтөрү операция учурунда жеңил жана орто калибрдеги куралдарды колго түшүрүшкөнүн маалымдады.

Башар Асаддын режими аяктагандан бери Сириянын коопсуздук күчтөрү кылмыштарга, адам укуктарын бузууга жана терроризмге байланыштуу иш-аракеттерге шектелген адамдарга каршы операцияларын улантып келет.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"