САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Түркия менен Катар коргонуу, соода жана стратегиялык кызматташтык келишимдерине кол коюшту
Дохадагы 11-Жогорку стратегиялык комитеттин жыйынына төрагалык кылган Эрдоган менен Аль Тани жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда көп сандаган келишимге кол коюу аземине катышты.
Түркия менен Катар коргонуу, соода жана стратегиялык кызматташтык келишимдерине кол коюшту
Түркия менен Катар коргонуу, соода жана стратегиялык кызматташтык келишимдерине кол коюшту / AA

Түркия-Катар 11- Жогорку стратегиялык комитет жыйынынын алкагында Түркия менен Катар бир катар келишимдерге жана биргелешкен декларацияларга кол коюшту.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани шейшемби күнү Дохада өткөрүлгөн 11-Жогорку стратегиялык комитеттин жыйынына төрагалык кылып, эки өлкөнүн ортосунда түрдүү келишимдерге кол коюлду.

Ага чейин эки лидер жеке жолугушуу өткөрүп, андан соң Эмирлик кеңешинде делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

«Түркия Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы 11-Жогорку стратегиялык комитет жыйынынын биргелешкен декларациясына» Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль Тани кол коюшту.

“Түркия Республикасынын Стратегия жана Бюджет башкармалыгы менен Катар Мамлекетинин өкмөтүнүн ортосунда Стратегиялык өнүгүүнү пландаштыруунун ар кандай чөйрөлөрүндө кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна” Түркиянын каржы жана казына министри Мехмет Шимшек, соода министри Өмер Болат жана Катар Улуттук пландоо кеңешинин башкы катчысы Абдулазиз бин Нассер Аль Халифа тарабынан кол коюлду.

«Түркия Республикасынын Соода министрлиги менен Катар Мамлекетинин Соода жана өнөр жай министрлигинин ортосундагы биргелешкен министрлер декларациясына» Түркиянын соода министри Өмер Болат менен Катардын соода жана өнөр жай министри Шейх Фейсал бин Тани Аль Тани кол коюшту.

«Коргоо өнөр жай тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна» Түркия Республикасынын Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Халук Гөргүн менен Катар мамлекетинин вице-премьер-министри жана коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри шейх Сауд бин Абдулрахман бин Хасан бин Али Аль Тани кол коюшту.

Президент Эрдоган Катарга расмий сапарынан кийин шаршемби күнү үч күндүк Перс булуңу сапарынын акыркы аялдамасы Оманга жөнөп кетти.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"