ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркиядагы ийгиликсиз төңкөрүш аракетинин 9 – жылы дүйнөдө да белгиленди
Грециядан Россияга чейин созулган глобалдык аземдерде 15 - июль шейиттери менен Түркиянын ФЕТӨ террордук уюмуна каршы жүргүзгөн күрөшү эскерилди.
Түркиядагы ийгиликсиз төңкөрүш аракетинин  9 – жылы дүйнөдө да белгиленди
/ TRT Global

2016 – жыл 15 -  июлдагы төңкөрүш аракетинин  9 -  жылын эскерүү иш  -  чаралары шейшемби күнү Түркия менен бирге Греция, Бельгия, Италия, Британия, Иордания, Кувейт, Пакистан, Россия жана Швейцраия да араларында болгон бир топ өлкө жана шаарда өткөрүлдү.

Иш  -  чараларда төңкөрүш аракетине каршы туруп каза болгон шейиттер эскерилди жана Түркияда жемократияны жана улуттук биримдикти коргоо аракеттерине басым жасалды.

Грецияда Түркиянын Аифна элчиси ийгиликсиз болгон төңкөрүш аракетин уюштурган Фетуллахчы террордук уюм менен күрөшүүдө аймактык кызматташуунун маанисин баса белгиледи. Туруктуу тынчтык жана коопсуздуктун түзүлүшү үчүн эки тараптуу карым  - катнаштарды бекемдөөгө чакырды.

Брюсселдеги  Түркия элчилиги өткөргөн эскерүү аземинде дипломаттар, Бельгияда жашаган түрктөр жана жетекчилер катышты. Аземде ФЕТӨнүн глобалдык коркунуч экендигине көңүл бурулуп Түркиянын уюмдун өлкө тышындагы түзүмдөрүн жок кылуу тууралуу чечкиндүүлүгү билдирилди.

Италия жана Малтада өткөрүлгөн иш  -  чараларда жолугушкандар төңкөрүш аракетинде каза болгондорду эскерип, демократия жана туруктуулукка болгон чечкиндүүлүктөрүн кайталашты.

Лондондогу Түркия элчилигинде уюштурулган аземде 2016  шейиттери эскерилди жана Түркиянын ФЕТӨ террордук желеси менен күрөшүн чечкиндүүлүк менен улантып жатканы баса белгиленди.

Кувейт жана Пакистанда элчиликтин жетекчилери Түркиянын демократиялык мекемелерин коргоп жатып каза болгондорду эскерүү максатында маанилүү аземдерди уюштурушту. Иш  -  чараларда террор менен күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун маанисине көңүл бурулду.

Эскерүү иш  -  чаралары

Иорданиянын борбору Амман шаарындагы Түркиянын элчилигинде өткөн эскерүү иш-чарасында Түркиянын демократияга жана терроризмге каршы күрөшкө болгон чечкиндүүлүгү дагы бир жолу баса белгиленди.

Болгария, Грузия жана Балкандар да эскерүү иш  -  чараларына катышты. София, Приштине жана Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеде уюштурулган программаларда Түркиянын террор менен күрөшүнө колдоо жана демократиянын чыдамдуулугуна басым жасалды.

Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги Түркия элчилиги төңкөрүш аракетин  эскерүү максатында сүрөт көргөзмөсү жана даректүү тасма көрсөтүлгөн программа уюштурду.

Түркиянын Москвадагы элчилигинде өткөрүлгөн эскерүү аземинде ФЕТӨнүн Орусиядагы болушун жок кылуу аракетинин уланып жатканы баса белгиленди.

Австриянын Вена шаарындагы Түркия элчилигинде өткөрүлгөн аземде дипломаттар жана түрк коомчулугу төңкөрүш аракети учурундагы улуттук биримдик жана чечкиндүүлүктү эскерүү үчүн чогулушту.

Швейцариянын борбор шаары Бернде Түркиянын элчилигинде да 15-июлдагы төңкөрүш аракетин эскерүү аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Түркиянын Берндеги элчиси Шебнем Инжесу жана түрк коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнүн алкагында Швейцариянын Цюрих жана Женева шаарларында түрдүү эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.

253  киши каза болгон жана  2700дөн ашуун киши жараланган ийгиликсиз төңкөрүш аракети дүйнөдөгү  айрым өлкөлөрдө азыр да жашап жаткан террордук уюм болгон ФЕТӨ тарабынан пландалган жана ишке ашырылган.

 

 

 

Иликте
Дезинформация менен күрөшүү борбору ТИМге таандык «Уганда» тууралуу маалыматты четке какты
Президент Эрдоган БУУну реформалоого чакырды: «Вето укугун алып салуу керек»
Калын Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Зуби менен жолугушту
Түрк аба күчтөрү Кипр аралынын түштүгүндө машыгуу учууларын өткөрдү
Стамбул аэропорту Европада биринчи, дүйнөдө 5-орунда
Президент Эрдоган Нью-Йорктогу Түрк үйүнө барганында аны күтүп турган адамдар менен учурашты
Эмине Эрдогандын Нью-Йорктогу дипломатиялык ишмердиги
Гёжек «Нөлдүк калдык» концепциясы бар акысыз пляждардын тизмесине кошулду
Президент Эрдоган БУУнун 81-Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга барат
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Президент Эрдоган БУУнун трибунасынан дүйнөгө кайрылат
УКМ:«Мейстин аскердик эмес статусуна каршы келген иш жүзүндөгү абал түзүүгө жол берилбейт»
HÜRKUŞ-II Түркиянын аба күчтөрүнө тапшырыла турган ата мекендик өндүрүштөн чыккан алгачкы учак болот
Түркия хуситтердин дрон чабуулун айыптады
Фидан: "Аймагыбызда Түркия жана Азербайжан туруктуулуктун эки аралы болуп саналат"
Байрактарга таандык АКЫНЖЫ абадагы учкучсуз учуучу аппаратты СУНГУР менен атты
Тышкы иштер министри Фидан Греция менен мамилелерге сереп салды:
Фидан: «Ормуз кысыгында согушка чейинки статус-кво болушунча тезирээк калыбына келтирилиши керек»