САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп эч ким салыктардан «кутулбайт» деп айтып, бошотуу талаптарын четке какты
Трамп электрондук өнүмдөр үчүн тарифтен бошотуу жок экенин баса белгилеп, бул өнүмдөрдүн учурдагы фентанил тарифтерине дуушар болгонун белгиледи.
Трамп эч ким салыктардан «кутулбайт» деп айтып, бошотуу талаптарын четке какты
The White House insists the aggressive policy is bearing fruit, saying dozens of countries have already opened trade negotiations to secure a deal before the 90-day pause ends. / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн жуманын аягында керектөөчү технология өнүмдөрү эки тараптуу тарифтерден бошотулат деген кабарларга карама-каршы, смартфондор жана чиптер сыяктуу электроникалык өнүмдөр үчүн тарифтерден бошотуу болбой турганын айтты.

Трамп жекшемби күнү Truth Social эсебиндеги бөлүшүүсүндө, «Башка өлкөлөр бизге каршы колдонгон адилетсиз соода баланстары жана монетардык эмес бажы алымдарынын тарифтеринен ЭЧ КИМ «кутула албайт», өзгөчө бизге эң жаман мамиле кылган Кытай дагы!»-деп жазды.

«Жума күнү эч кандай тарифтик бошотуулар жарыяланган жок. Бул өнүмдөр учурдагы 20% фентанил тарифтерине ылайык бойдон калууда - алар жөн гана башка тарифтик категорияга которулууда», - деп кошумчалады ал.

Трамп:«Фейк маалымат каражаттары муну билет, бирок кабарлоодон баш тартышат. Биз алдыдагы Улуттук коопсуздук Бажы иликтөөсүндө жарым өткөргүчтөрдү жана БҮТКҮЛ ЭЛЕКТРОНИКАЛЫК ЖЕТКИРҮҮ ЧЫНЖЫРЫН карап чыгабыз. Биз Америка Кошмо Штаттарында өнүмдөрдү чыгарышыбыз керек жана башка өлкөлөрдүн, айрыкча Кытай сыяктуу кас соодагерлердин туткунунда кармала албай турганыбыз айкын болууда»,-деди.

«Американын алтын доору, анын ичинде келе жаткан Салык жана жөнгө салуучу кыскартуулар, анын көбү палата жана Сенат тарабынан жактырылган, көбүрөөк жана жакшыраак айлык акы төлөнүүчү жумуш орундары, өнүмдөрдүн өз өлкөбүздө өндүрүлүшү жана  башка өлкөлөрдүн, айрыкча Кытай бизге кандай мамиле жасаса, ошондой мамилени көрөт деген түшүнүктү берет»,-деп кошумчалады ал.

АКШнын Бажы жана Чек ара кызматы жума күнү билдирүү таратып, Кытайдын өнүмдөрүнө карай 145% тарифтерден электроникалык товарларынын бошотулганын айтып, мындай өнүмдөр салыктан бошотулат деген үмүттү жараткан.

Бирок соода министри Ховард Лутник жекшемби күнү электроника биротоло бошотулбаганын жана жакынкы айларда күчүнө кире турган жарым өткөргүчтөр үчүн атайын жаңы тарифтер киргизиле турганын айтты.

ТийиштүүTRT Global - Trump exempts smartphones and laptops from tariffs

Кытай башка жактарды карап жатат

Ошол эле учурда Кытай дүйнөлүк экономикалык бороондон корккон өлкөлөргө көз кысып, өзүн туруксуз Вашингтонго караганда ишенимдүү альтернатива катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

Си Цзиньпин дүйшөмбү күнү Түштүк-Чыгыш Азияга беш күндүк сапарын баштап, Вьетнам сыяктуу өндүрүштүк кубаттуу өлкөлөлөр менен катар Малайзия жана Камбоджанын лидерлери менен жолугушат.

Трамптын тарифтери жана андан кийинки капыстан саясаттын өзгөрүүлөрү АКШнын экономикасында чоң олку-солкулуктарды жаратты; Инвесторлор мамлекеттик облигацияларды колдон чыгарып, доллар наркын жоготуп, керектөөчүлөрдүн ишеними калбады. 

Трампка басымды күчөткөн дагы бир фактор анын тарифтик стратегиясын Уолл Стриттин миллиардерлери, анын ичинде анын тарапташтары тарабынан зыяндуу жана тескери натыйжа берчү деп ачык сынга алуу болду.

Анткен менен Ак үй агрессивдүү саясат өз жемишин берип жатат деп ырастап, ондогон өлкөлөр 90 күндүк тыныгуу аяктаганга чейин келишимге жетишүү максатында АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүн баштаганын белгилеп жатат.

АКШнын соода өкүлү Жеймисон Грир CBS телеканалына: «Биз күнү-түнү иштеп, документтерди бөлүшүп, тендердик сунуштарды алып, бул өлкөлөргө пикир айтып жатабыз»,-деди.

Иликте
Израиль Ливандын түштүгүндөгү бир мектепти жардыргыч заттар менен талкалады
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Ормуз кысыгынын батышында MQ-1 дронун атып түшүрдүк"
Ок атышпоо келишимине карабастан Израиль Газада дагы эки палестиналыкты өлтүрдү
Тышкы иштер министри Фидан 15-16-сентябрда Азербайжанга барат
Иран: "Кошуналар, айрыкча Түркия менен мамилелер жакшы деңгээлде"
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду