ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түрк мамлекеттеринин арасында "ТҮРКПОЛ" уюму түзүлүүдө
Мустафа Чифтчи Түрк Мамлекеттер Уюмунун 3- ички иштер министрлеринин жыйынында кылмышка каршы күрөшүүдө биргелешип аракет кылуу жөндөмүн жогорулатуу максатында Интерпол жана Европол сыяктуу "ТҮРКПОЛ" уюмун түзүүнү сунуштаганын билдирди.
Түрк мамлекеттеринин арасында "ТҮРКПОЛ" уюму түзүлүүдө
Ички иштер министри Мустафа Чифтчи, Эрзурумда

Ички иштер министри Мустафа Чифтчи социалдык тармактагы билдирүүсүндө Күлтегин эстелигине 1300 жыл мурда чегилген «Түнү уктабадым, күнүз отурбадым» деген түшүнүктү бүгүн да улантып жатышкандарын баса белгиледи.

Чифтчи: «Элдерибиздин тынчтыгы үчүн мойнубуздагы жоопкерчиликти сезүү менен иштеп жатабыз», — деди.

Казакстанда өткөрүлгөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун Ички иштер министрлеринин 3-жыйыны тууралуу маалымат берген Чифтчи түрк мамлекеттеринин ортосунда коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүчү маанилүү темаларды талкуулагандарын айтты.

Өздөрү сунуштаган «Кылмыштуулукка каршы күрөш кеңешинин» түзүлүшү жалпы декларацияга киргенин билдирген Чифтчи кеңештин жаңы муундагы кылмыштуу уюмдашууларга, терроризмге, баңгизатка, мыйзамсыз миграцияга, кумар оюндарына каршы күрөшүүдө биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү күчөтөөрүн баса белгиледи.

Чифтчи сөзүн төмөнкүчө улантты: “Алдыдагы айда Анкарада урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын кожоюндугунда ишке ашырыла турган Түрк Мамлекеттер Уюмунун лидерлер саммитинде Кеңештин Негиздөөчү келишимине кол коюлушун максат кылабыз».

Интерпол жана Европолго окшогон бир уюм түзүүнү максат кылгандарын билдирген Чифтчи, түрк мамлекеттеринин арасында «ТҮРКПОЛ» деген ат менен биргелешкен структура түзүүнү сунуштаганын айтты.

Чифтчи бул сугунушту жыйынга катышкан Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстандын ички иштер министрлеринин да оң кабыл алганын маалымдады.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди