ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Нетаньяху бир айдан кийин коррупция боюнча сот процессине кайтып келди
Израилдик министрлер АКШнын президенти Дональд Трамптын президент Исаак Герцогдон Нетаньяхуну кечирүүсүн суранышынан кийин Израилдин премьер-министрине колдоо көрсөтүштү.
Нетаньяху бир айдан кийин коррупция боюнча сот процессине кайтып келди
Биньямин Нетаньяху Тель-Авивдин райондук сотунда коррупция боюнча айыпталып жаткан сот процессине катышууда, 16-декабрь, 2024-жыл. / AP
16 Октябрь 2025

Израилдин жергиликтүү маалымат каражаттары Нетаньяху бир айдан кийин шаршемби күнү Тель-Авив аймактык сотунда коррупция боюнча көрсөтмө берүү үчүн сот алдына чыкканын билдирди.

Нетаньяхунун иши еврейлердин майрамдарына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясына Нью-Йоркко жасаган сапарына байланыштуу токтотулган болчу.

Израилдин коомдук телеканалы KAN премьер-министрди колдоо үчүн Нетаньяхунун “Ликуд” партиясынан министрлер жана Израиль парламенти Кнессеттин депутаттарынын катышканын билдирди.

KAN Нетаньяхунун жардамчыларынын биринен конверт алгандан кийин сот залынан бир канча убакытка чыкканын белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Кнессетте сөз сүйлөп, Израилдин президенти Исаак Герцогдон Нетаньяхунун коррупциялык ишин кечирүүсүн суранган.

Израилдин мыйзамдарына ылайык, президент кылмышкерлерди кечирүү же алардын жазасын жеңилдетүү укугуна ээ, бул үчүн тиешелүү органдардан керектүү маалыматтар талап кылынат.

Ликуд партиясынын мүчөсү жана Израилдин юстиция министри Ярив Левин шаршемби күнү эртең менен премьер-министрди кечирүүнү колдой турганын Yedioth Ahronoth гезитине билдирди.

Левин премьер-министрдин иши "эч качан башталбашы керек жана бул иштин болушунун өзү эле адилеттүүлүккө жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет" деп билдирди.

"Ликуд" партиясынан билим берүү министри жана оңчул саясатчы Йоав Киш да X аккаунтунда Израилm туш болуп жаткан "олуттуу коопсуздук кыйынчылыктар жана экзистенциалдык коркунучтардан" улам иштин жокко чыгарылышын талап кылды.

Нетаньяху январь айында 1000, 2000 жана 4000-номерлүү иштер боюнча айыптоолор менен көрсөтмө бере баштаган жана бардык айыптоолорду четке каккан.

1000-номерлүү иш Нетаньяху жана үй-бүлөсүнүн бай ишкерлерден кымбат баалуу белектерди алганы жана ал үчүн да бул адамдарга жакшы мамиле кылганы тууралуу айыптоолорду карайт.

2000-номерлүү иште Нетаньяхунун күнүмдүк "Yedioth Ahronoth" гезитин чыгарган Арнон Мозес менен премьер-министрдин медиада жакшы имидж түзүү үчүн жүргүзүлгөндүгү болжолдонгон сүйлөшүүлөрдү камтыйт.

Эң олуттуу деп эсептелген 4000- иш Нетаньяхунун Walla жаңылыктар сайтынын жана Bezeq телекоммуникация компаниясынын мурдагы ээси Шаул Эловичке медиа колдоо көрсөтүүсү үчүн айрым жеңилдиктерди берүүсүнө байланыштуу.

Нетаньяхунун сот процесси 2020-жылдын 24-майында башталып, ал Израилдин тарыхында кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан биринчи лидер болду.

2024-жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту мурдагы коргоо министри Йоав Галлант менен Беньямин Нетаньяхуну Израилдин Газадагы мыкаачылыктары үчүн камакка алууга ордер чыгарган. Экөө тең согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн да айыпталууда.

2023-жылдын октябрь айынан бери көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон 68 миңге жакын адам каза болгон.

Иликте
Согуш коркунучу Жакынкы Чыгышта туризмди токтотту
Иран Перс булуңунда америкалык мунай танкерине кол салынганын билдирди
"Хизбулла" Израилдин Ливанга чабуулдарына жооп катары Галилеядагы аскердик буталарга сокку урду
Түркия Эгей аралдарынын демилитаризацияланган статусун алсыратуу аракеттерин четке какты
Ирандын дрондору Азербайжанды бутага алды, Баку жооп кайтарууга укуктуу экенин билдирди
Түркия "Made in EU" долбоорундагы ордуна ыраазы
Ирандын тышкы иштер министри: АКШ кемени чөктүргөнү үчүн "аябай өкүнөт"
Хизбулланын лидери Израилди коркутту: "Биз бардык күчүбүз менен каршылык көрсөтөбүз"
АКШ Сенаты Иран согушун токтотуу демилгесин четке какты
БУУ: Газадагы аялдар менен кыздар "эң кыйратуучу гуманитардык трагедиянын ичинде" жашап жатат
АКШ Кувейттеги дрон чабуулунан каза болгон дагы эки аскердин аты-жөнүн жарыялады
Аймактык чыңалуу күч алып, Израиль Бейрутта жаңы кол салууларды ишке ашырды
АКШ-Израиль кол салууларынан каза болгондордун саны 926га жетти
Индонезиянын тышкы иштер министри: "Газа Тынчтык кеңешинин сүйлөшүүлөрү токтотулду"
НАТО Ирандын Түркияга карай илгерилеп бараткан баллистикалык ракетасын атып түшүрдү