ФБРдин "Вашингтон пост" кабарчысынын үйүнө жасаган рейди басма сөз эркиндиги боюнча талкуу жаратты
Журналист Ханна Натансондун үйүндөгү тинтүү медиа уюмдарына каршы иликтөөлөр, Пентагондун медиа эрежелеринин катаалдашы жана Трамп маалында коомдук телерадионун каржылоосунун кыскарткан учурга туш келди.
Эгер шаршемби күнү Washington Post кабарчысынын үйүнө жасалган рейддин максаты өкмөттүн ишмердүүлүгүн иликтеген кабарларга бөгөт коюу болсо, Трамп башкаруусу мындан да таасирдүү бутаны тандай алмак эмес.
Washington Post гезитинин маалыматына караганда, президент Дональд Трамптын эмгек ресурстары чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөрүн иликтегени үчүн мекеменин ичинде «федералдык өкмөттүн кабарчысы» катары таанылган Ханна Натансондун Виржиниядагы үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Анда бир телефон, эки ноутбук жана Garmin үлгүсүндөгү саат конфискацияланды.
Post гезитинин башкы редактору Мэтт Мюррей кызматкерлерине жөнөткөн электрондук катында; тинтүү жүргүзүү чечими өкмөттүн жашыруун документтерин мыйзамсыз сактоо менен айыпталган өкмөттүк подрядчикке карата тергөө иши менен байланыштуу экенин белгиледи. Мюррей Натансондун же гезиттин тергөөнүн бутасы эмес экендиги өздөрүнө билдирилгенин айтты.
Юстиция министри Пэм Бонди болсо, тинтүү Коргоо министрлигинин талабы боюнча жүргүзүлгөнүн жана журналист «Пентагондун подрядчигинен жашыруун жана мыйзамсыз жолдор менен ачыкка чыгып кеткен маалыматтарды алып, аларды кабарга айландырган» (жарыялаган) деп билдирди."
Журналисттердин үйүнө жасалган рейддер — "Адаттан тышкаркы көрүнүш"
Колумбия университетинин Найт Биринчи Түзөтүү институтунун директору Жамил Жаффер басма сөз эркиндиги боюнча он жылдан бери иштеп келе жатканын жана журналисттин үйүнө карата тинтүүнүн сейрек кездешээрин, ал акыркы жолу качан болгонун эстей албасын айтты. Жаффер бул жагдайдын журналистиканын "шагын сындыруучу (коркутуучу) таасир" тийгизиши шексиз экенин белгиледи.
Жаффер: "Бул тинтүү бир гана ал кабарчыны эмес, өкмөт ичиндеги маалымат берүүчүлөргө (whistleblower) таянып кабар жасаган башка кабарчыларды да коркутууну көздөшүнөн катуу шектенип жатам", — деди.
1169 киши менен байланыш түзүлдү
Натансон Рождество майрамында жарыяланган макаласында форумдагы байланыш маалыматтары бөлүшүлгөндөн кийин маалымат агымы күчөгөнүн жазган. Ал Signal аркылуу 1169 адам кайрылып, бул Post гезитине федералдык агенттиктердеги окуяларды иликтөөгө шарт түзгөнүн белгилеген.
Конституцияны коргоо боюнча талкуу
Мэтт Мюррей бул аракет олуттуу тынчсыздануу жаратканын айтса, PEN America өкүлү Тим Ричардсон аны көз карандысыз журналистикага каршы чабуул деп баалады.
Ал эми Трамптын биринчи мөөнөтүндөгү басма сөз катчысы Шон Спайсер тынчсызданууларды жактап: "Эгер Ханна бир нерсе туура эмес кылса, анда бул токтотуучу таасирге ээ болушу керек" деди.
Басма сөзгө каршы биринчи аракет эмес
Бул тинтүү Трамп администрациясынын тушундагы бир катар аракеттердин бир бөлүгү катары каралууда, анын ичинде The New York Times жана BBCге каршы сот иштери, Коргоо министри Пит Хегсет тарабынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу Пентагондун кеңселеринен маалымат каражаттарын алып салуу жана коомдук телерадиоберүүлөрдү каржылоону кыскартуу.
Апрель айында башкы прокурор Бонди журналисттерге маалымат тараткан кызматкерлерди аныктоо үчүн тинтүү ордерлерин колдонууга уруксат берген көрсөтмөлөрдү чыгарды. Бул кадам Байден маалындагы журналисттерди коргоо саясатын жокко чыгарды.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт жашыруун маалыматтын жайылышы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратарын айтып, Трамптын буга жол бербей турганын билдирди.
Тинтүү ордерине ылайык, тергөө Мэрилендде мамлекеттик подрядчыда иштеген IT адиси Аурелио Перес-Лугонеске байланыштуу жүрүп, ал купуя документтерди үйүнө алып кеткен деп айыпталууда.