Сирия коргонуусун бекемдөө жана терроризмге каршы күрөшүү үчүн Түркиядан колдоо талап кылды
"Сириянын коргонуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн машыктыруу, кеңешүү жана техникалык колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз", - деп билдирди Түркиянын коргоо министрлиги.
Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги шаршемби күнү Сирия өкмөтүнүн Түркиядан расмий түрдө колдоо сурап, коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо жана өзгөчө ДЕАШ сыяктуу террордук топторго каршы күрөшүү үчүн жардам берүүнү өтүнгөнүн билдирди.
“Бул талаптын негизинде Сириянын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн машыктыруу, кеңеш берүү жана техникалык колдоо көрсөтүү боюнча ишибизди улантуудабыз”, - деп билдирди министрлик.
“Түркиянын негизги максаты – Сириянын саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоо жана аймакта туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн аракеттерге жетекчилик кылуу”,- деп кошумчалады.