ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Путин Россиянын эки шаарды колго алганын жарыялагандан кийин кагылышуу аймагына барды
Россиянын аскердик жетекчилери Украинанын Донецктеги Покровск, Харьковдогу Волчанск жана Запорожьедеги Добропиля шаарларын көзөмөлдөй албай калганын билдиришти.
Путин Россиянын эки шаарды колго алганын  жарыялагандан кийин кагылышуу аймагына барды
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжал учурунда командалык пунктка барганы — 2025-жылдын 1-декабрында жарыяланган видеодон алынган скриншот. / Reuters

Кремль дүйшөмбү күнү Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинадагы кагылышуу аймагына барганын жарыялады.

Кремлдин маалыматы боюнча, Путинге Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов, ошондой эле Борбордук топтун командири Валерий Солодчук жана “Восток” тобунун командири Андрей Иванаев брифинг беришти.

Путинге фронттогу кырдаал тууралуу маалымат берилди. Россиянын аскердик жетекчилеринин айтымында, Донецк облусундагы Покровск жана Харьков облусундагы Волчанск шаарлары кайрадан Россиянын көзөмөлүнө өттү.

Путин командирлерге жана аскерлерге ыраазычылык билдирип, Покровск аймагында жетишилген ийгиликтердин маанисин баса белгилеп: "Бул бизге атайын аскердик операциянын башында коюлган бардык негизги максаттарга ырааттуу түрдө жетүүгө мүмкүндүк берет",- деди.

Герасимов украин күчтөрүнүн Купянск жана Покровск фронтторундагы курчоодон өз аскерлерин чыгарууга аракет кылып жатканын жана башка фронттордо каршы чабуулдарды баштаганын билдирди.

Аймактык жеңиштерге жетишилди деп болжолдонууда

“Восток” тобунун командири Иванаев Запорожье жана Днепропетровск аймактарында жылыштардын болуп жатканын айтты.

Иванаев орус күчтөрүнүн Хуляйпол шаарына кирип, Добропилля конушун басып алганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин орус аскердик жетекчилер сөз кылган аймактардагы кырдаалдын чыңалган абалда экенин ырастаган.

Покровск тууралуу сөз сүйлөгөн Зеленский: "Эч ким аларды (аскерлерди) урандылар үчүн өлүүгө мажбурлабайт. Мен ал жердеги аскерлерди, айрыкча командирлерди абалды көзөмөлдөө үчүн колдоймун",- деди. Украина президентинин айтымында, Россия Покровскту көзөмөлдөө менен кагылышууну токтотуу үчүн Украинанын Донбасстан кетиши керектиги тууралуу АКШнын президенти Дональд Трампты "ынандырууга аракет кылат".

Бирок, Зеленский Киевдин аймак тууралуу талабынан баш тарта албай турганын билдирип: "Эл муну түшүнбөйт, адамдар муну түшүнбөйт",- деди.

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат