ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Президент Эрдоган араб-ислам саммити үчүн Катарга барды
Катар өткөн аптада Израилдин Дохада Хамас лидерлерине жасаган чабуулуна жооп иретинде саммит өткөрүүгө чакырды. Кол салууда Хамастын беш өкүлү жана Катардын бир коопсуздук кызматкери набыт болду.
Президент Эрдоган араб-ислам саммити үчүн Катарга барды
Дохада өткөн араб-ислам саммитине региондун ар кайсы жеринен мамлекет башчылары жана жогорку кызмат адамдары чогулушту. / Фото: AA / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган дүйшөмбү күнү Катарга иш сапары менен барып, өткөн жумадагы Израилдин Дохага жасаган соккусунан кийин чакырылган араб-ислам саммитине катышат.

Президент Эрдоганды бул сапарда биринчи айым Эмине Эрдоган, Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) башчысы Ибрахим Калын, президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч, коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран жана Адилеттик жана өнүгүү (АК) партиясынын төрага орун басары Халит Йеребакан коштоп жүрөт.

Дохадагы араб-ислам саммити аймактагы мамлекет башчыларын жана жогорку даражалуу өкүлдөрдү чогултуп жатат.

Бул саммитти Катар өткөн жумада Израилдин Дохадагы ХАМАС лидерлерине жасаган чабуулуна жооп катары чакырган. Чабуулда ХАМАСтын беш мүчөсү жана катарлык коопсуздук кызматкери каза болгон.

Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Шейх Мохаммед бин Абдулрахман Аль Тани жекшемби күнкү жыйында: “Эл аралык коомчулук эки жүздүүлүктү токтотуп, Израилди кылган кылмыштары үчүн жазалоо убактысы келди”, - деп билдирди.

Аль Тани ошондой эле: "Бул режим Катар, Ливан, Ирак, Иран жана Йемен сыяктуу көптөгөн ислам өлкөлөрүнө кол салды. Каалаганын жасап жатат, тилекке каршы, Америка Кошмо Штаттары жана Европа өлкөлөрү да бул аракеттерге колдоо көрсөтүүдө”,-деп айтты.

Катар, АКШ жана Египет менен бирге, 2023-жылдын октябрынан бери 65 миңдей палестиналык каза болгон Газа тилкесиндеги согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп келет.

Иликте
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот