ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ: Сирия-Израиль сүйлөшүүлөрү Парижде диалог жана чыңалуунун азайтылышы менен жыйынтыкталды
АКШнын атайын өкүлү Том Баррак тараптардын Сириянын түштүгүндө күч алган чыңалуудан кийин сүйлөшүүлөрдүн улантылышы тууралуу келишкенин билдирди.
АКШ: Сирия-Израиль сүйлөшүүлөрү Парижде диалог жана чыңалуунун азайтылышы менен жыйынтыкталды
/ AP

АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү жана Анкарадагы элчиси Том Баррак Сирия менен Израилдин расмий өкүлдөрүнүн Париждеги жолугушуусунда Сириянын түштүгүндөгү акыркы зомбулуктан кийин диалог жана чыңалууну азайтууга карай жылыш болгонун билдирди.

X платформасында кыскача билдирүү жасаган Барак: "Бүгүн кечинде Парижде Сирия жана Израилдин расмий өкүлдөрү менен жолугуштук. Максатыбыз диалогду жана чыңалууну басаңдатуу болчу жана биз муну аткардык. Тараптар бул аракеттерди улантуудагы чечкиндүүлүктөрүн кайталашты",-деди.

Сирия менен Израилден азырынча расмий билдирүү келе элек.

Бирок, медиа маалыматтарына ылайык, Израилдин стратегиялык иштер боюнча министри Рон Дермер жана Сириянын тышкы иштер министри Асад аль-Шайбанинин сүйлөшүүлөргө катышуусунун күтүлүп жаткандыгы билдирилди.

Сүвейдадагы өлүмгө алып келген баш аламандыктар

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Томми Пиготт Париждеги жолугушуусунан мурун атайын өкүл Баррак жана тышкы иштер министри Марко Рубионун көптөгөн күндөрдөн бери тараптар менен байланышты экендигин пресс жыйында ырастады.

“Сирия маанилүү бурулуш жеринде турат жана биз бул кадамдарда Сирия өкмөтүнүн жетекчилик кылышын күтүп жатабыз”,- деди.

Сирия менен Израилдин ортосундагы чыңалуу 13-июлда өлкөнүн түштүгүндөгү Сүвейда провинциясында бедуин араб уруулары менен друз топторунун ортосунда чыккан кагылышуу менен күч алды.

Зомбулук ылдам жайылып, Израиль Дамаск да болгон Сириядагы аскердик объектилерге жана инфраструктурага сокку урду.

Израиль кол салуулардын друз жамааттарын коргоону максат кылганын айтса да Сириядагы друз лидерлери чет элдик кийлигишүүнү ачык түрдө четке кагышты.

Тараптардын ортосунда ишемби күнү ок атышпоо келишими түзүлгөн.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди