ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия: Израилдин саясаты Сирияда туруксуздукту күчөтүп, аймакка коркунуч туудурат
Түркиянын БУУдагы өкүлү Ахмет Йылдыз: «Сириянын биримдигине, ырааттуулугуна жана элинин жыргалчылыгына коркунуч келтирген туруксуздукка алып келген аракеттерге жол берилбеши керек»,-деди.
Түркия: Израилдин саясаты Сирияда туруксуздукту күчөтүп, аймакка коркунуч туудурат
10-марттагы СДК менен болгон келишимге шилтеме жасап, Йылдыз чыңалууну басаңдатуу же коопсуздукту жана ишенимди бекемдөө боюнча ишенимдүү кадамдар жасалбаганын айтты. / AA

Түркиянын БУУдагы өкүлү Ахмет Йылдыз Израилдин саясаты Сириядагы туруксуздукту күчөтүп, аймактык коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын айтты. Ал эл аралык коомчулукту калган санкцияларды алып салууга жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн колдоого чакырды.

Йылдыз бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында:“Сирия эл аралык күн тартибинде жогорку орунда кала берүүдө. Жаңы мезгил өлкөнүн эгемендүүлүгү, аймактык бүтүндүгү жана улуттук биримдиги негизинде тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн туруктуу аракеттерди талап кылат”, - деди.

Ал “бул максатка жетүү үчүн Сирия администрациясын күчтөндүрүү маанилүү” экенин белгилеп, “өлкөдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча негизги милдеттен алаксыбоого тийишпиз” деп кошумчалады.

Йылдыз Сирия администрациясынын өз жарандарына кызмат көрсөтүүсү үчүн калган санкцияларды алып салууга чакырып, “борборлоштурулган администрация жана бирдиктүү улуттук армия тынчтык үчүн ажырагыс мааниге ээ” деп баса белгиледи.

“Сувейдадагы акыркы окуялар Израилдин аймактагы кыйратуучу жана туруксуздук жараткан саясатынын мүнөзүн дагы бир жолу көрсөттү”, - деди ал. “Сириянын биримдигине, туруктуулугуна жана элинин жыргалчылыгына коркунуч келтирген аракеттерге жол берилбеши керек”, - деп эскертти.

“Сириянын эгемендүүлүгүн бузган же бөлүнүүнү күчөткөн аракеттер аймактык туруксуздуктун кеңейүү коркунучун жаратат”, - деп кошумчалады.

‘Ишенимдүү кадамдар’

Сувейдада июль айынын ортосунда бедуин уруулары менен друз топторунун ортосунда кагылышуулар чыккан. Өкмөттүк күчтөр жаңжалды токтотуу үчүн кийлигишсе, Израиль друз азчылыгын коргоо шылтоосу менен Дамаскты бомбалаган. АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу келишими жарыяланган.

Йылдыз Сирия өкмөтү менен СДК террордук уюму ортосунда 10-мартта жетишилген келишимге көңүл буруп, “СДК тарабынан чыңалууну азайтууга же коопсуздук жана ишеним чөйрөсүн түзүүгө багытталган ишенимдүү кадамдарды көрө элекпиз” деп белгиледи.

“Белгисиздикти узартууга жана мүмкүн болгон кризистерди өз пайдасына пайдаланууга аракет кылган СДКга кошумча басым жасалышы керек”, - деп баса белгиледи ал.

10-мартта Сирия президенти СДКны мамлекеттик институттарга интеграциялоо боюнча келишимге кол коюлганын жарыялап, өлкөнүн аймактык биримдигин бекемдеп, бөлүнүүгө каршы экенин билдирген.

СДК террордук уюм ПККнын сириялык бутагы болгон террордук топ ЙПГ (YPG) тарабынан башкарылат. (СДК-Сириянын демократиялык күчтөрү деп аталып, террордук иш-аракеттерин жаап жашырууга багытталган уюм)

Йылдыз “алдыдагы мезгил Сирия өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкты жана эл аралык деңгээлде жакын иш алып барууну талап кылат” деп белгилеп, “Түркия бул көз карашта толук берилген бойдон калат” деп кайталады.

Сирия өкмөтү өткөн жылы Башар Асаддын 24 жылдык бийликтен кулатылышынан кийин коопсуздук чараларын күчөткөн.

Асад декабрь айында Орусияга качып, 1963-жылдан бери бийликте турган Баас партиясынын режими аяктаган. Январь айында президент Ахмед аль-Шараа жетектеген жаңы администрация түзүлгөн.

Иликте
Эмине Эрдоган "Имам Бухари" күмбөзүн зыярат кылды
R4 тышкы иштер министрлеринин жыйыны Стамбулда башталды
"Түрк тили жана маданияты" окуу китептери эми жеткиликтүү
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
Стамбул аэропортуна 'Эң көп байланыштырган аэропорт' сыйлыгы
Ак карлуу Улудаг күздүн түстөрүнө бөлөндү
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Ферганинин алтынчы спутниги FRG-100D4 орбитасына ийгиликтүү жайгашты
Көрүнбөгөн фронт: Түркиянын электрондук согуш мүмкүнчүлүктөрү
Чанкырыдагы Япраклы жайлоосу күздүн түстөрүнө бөлөндү
TRT World Forum 6 - 7-ноябрда Стамбулда өтөт
Тышкы иштер министри Фидан Брюсселде НАТОнун башкы катчысы Рютте менен жолугушту
Түркия, Катар, Пакистан жана Индонезия коргоо өнөр жайы келишимине кол коюшат
Түркия менен Бельгиянын ортосундагы чек ара кылмыштарына каршы күрөштө жаңы доор башталды