ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Армения Азербайжанга Минск тобун таратууну да камтыган тынчтык келишимин сунуштады
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян: «Эгерде биз Карабах маселеси боюнча бул бетти жаба турган болсок анда бул маселенин чечилишин максат кылган форматтын эмне кереги бар?",- деди.
Армения Азербайжанга Минск тобун таратууну да камтыган тынчтык келишимин сунуштады

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян шейшемби күнү Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюуну жана ЕККУнун (Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму) Минск тобунун таркатылышына байланыштуу документти бир учурда кабыл алууну сунуштады.

Азербайжандын борбор шаары Еревандагы Улуттук Парламентте сөз сүйлөгөн Пашинян :“Азербайжандын ЕККУнун Минск тобун таркатуу боюнча ортого салган сунушун түшүнөбүз. Чынында, эгерде биз Карабах маселесине таандык бул бетти жаба турган болсок, жаап жатабыз да. Анда бул маселенин чечилишин максат кылган форматтын кереги барбы?”,- деди.

Пашинян ошентсе да ЕККУнун Минск тобунун кеңири контекстинин бар экендигин белгилеп, Еревандын Азербайжандын бул акыркы аракети “өз аймагында кагылышууну токтотуп, Арменияга өткөрүү” катары көрбөгөндүгүнө ишенүүнү каалагандыгын айтты.

Пашинян : “Тынчтык келишиминин түзүлүшүн жана ЕККУнун Минск тобунун бир убакта таркатылышын сунуш кылабыз. Тактап айтканда эки документке бир күндө кол коюлушун каалайбыз”,- деди.

Азербайжан Пашиняндын сунушуна азырын комментарий бере элек.

Карабах согушу

1992-жылы түзүлгөн жана Франция, Россия, АКШ тең төрагалык кылган ЕККУнун Минск тобу Карабах маселесинин чечилишин жеңилдетүүнү максат кылууда.

Бул мурдагы эки советтик республиканын ортосундагы карым - катнаштар 1991-жылы армян армиясынын эл аралык деңгээлде Азербайжандын бир бөлүгү катары таанылган Карабахты жана айланасындагы жети аймакты басып алуусунан бери чыңалууда.

2020-жылдын күзүндө 44 күнгө созулган согушта Азербайжан аймактын көбүн армян оккупациясынан бошотту. Тараптардын ортосундагы согуш Россиянын ортомчулугу менен түзүлгөн тынчтык келишими менен токтоду жана бул келишим менен бирге нормалдашуу, чек араларды тактоо сүйлөшүүлөрүнө жол ачылды.

2023-жылдын сентябрь айында Азербайжан Карабахта толук эгемендикти орнотуп, аймактагы сепаратисттик күчтөр багынып беришти.

Март айында Баку жана Ереван тынчтык келишими боюнча консенсуска жетишкендерин билдиришкен, бирок андан бери эки өлкө тең бири-бирин чек арадагы чабуулдар үчүн айыптап келишет.

Иликте
Филиппиндеги  мектепте болгон куралдуу кол салууда  төрт адам каза болду
Украина Орусиянын чабуулдарына каршы бир нече жумадан бери Patriot ракеталарын колдоно албай жатат
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"
Ирак Эрбилдеги кол салуулардан кийин Ирандан так расмий позицияны талап кылды
Криштиану Роналду пенсияга чыгабы?
UKMTO: "Ормуз кысыгында бир кеме соккуга кабылды"
Израиль Сириянын Идлиб облусундагы Абу Зухур аскердик аэродромуна сокку урду
Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө "биринчи максат" экенин айтты
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди