www.trtkyrgyz.com
Rss
ТҮРКИЯ-АКШ КАРЫМ-КАТНАШТАРЫНА БАА БЕРҮҮ ЖАНА СУНУШТООЛОР
Түркияга элчи болуп дайындалышы күтүлүп жаткан Франц Иосиф Риккиардоненин Түркия туурасында айткандары.
Жиберилди 27.07.2010 12:29:48 UTC
Жаңыланды 27.07.2010 12:29:48 UTC

АКШнын элчиси Жеймс Жефринин Түркиядагы кызмат мөөнөтүнүн аякташынан кийин президент Обама анын ордуна Франц Иосиф Риккиардонени талапкер көргөздү. Түркия темасында 30 жылдык тажрыйбага ээ болгон Риккиардоненин дайындалышынын такталышы үчүн Сенат тарабынан бекитилиши керек. Риккиардоненин суроолорго берген узун жооптору жана ачыктоолору, өзүнүн дагы жалпысынан АКШ башкаруучулунун дагы Түркияга көз карашы тууралуу абдан маанилүү маалыматтарды ортого салды. АКШ менен Түркиянын ортосунда өзгөчө акыркы бир канча айдын ичинде болгон келишпестиктер эске алынганда, бул билдирүүлөрдүн жана баа берүүлөрдүн канчалык маанилүү экендиги эске түшөт. Айрыкча, Түркия элчилигине ыктымалдуу дайындалышы күтүлгөн Риккиардоненин Түркия-АКШ карым-катнаштарынын келечегине карата көз караштарын түшүнүү жагынан абдан пайдалуу болот.

Чанкая университетинин саясат илими жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы проф.др.Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.

Риккиардоненин Түркия тууралуу көз караштарына төрт теманын астында баа берүүгө болот. Түркияны демократиялык, ачык, укуктун үстөмдүгү жарактуу болгон, адам укуктарын урматтаган, көпчүлүгү Мусулмандан турган коом, бирок лаик башкарууга ээ болгон, экономикалык жактан жандуу жана заманбап мамлекет түрүндө аныктаган. АКШнын Түркиянын ички түзүлүшүнө карата аныктоосу жана турушу, эң жок дегенде сөз жагынан оң.

Экинчи, АКШнын Түркияга стратегиялык көз карандылыгы болгону баса белгиленген. Түркиянын жогорудагы өзгөчөлүктөрү менен катар, НАТО, Г-20 жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болушу жана ылдам өсүп бара жаткан экономикага ээ болушунун себебинен АКШнын чечүүчү шериктеши жана стратегиялык ортоктошу болгону белгиленген. Түркиянын терроризмге жана массалык кыргынга салуучу куралдардын жайылышына каршы күрөшүнө колдоо жасалышы, аймактык күрөштүн чечилиши үчүн аракет кылынышы, энергетика коопсуздугунун түзүлүшү, соода, инвестиция жана экономикалык жактан ылайыктуу болгонуна көңүл бурган. Айрыкча, Түркиянын өзгөчө АКШ күчтөрүнүн Афганстан жана Ирактагы аскердик кыймылы үчүн тылдык борбор болушу, АКШнын Түркияга болгон көз карандылыгын көбөйтүүдө.

Үчүнчү жагы, АКШнын Түркиядан күткөндөрү жана ойношун каалаган Түркиянын ролу тууралуу. АКШ, Түркиянын Ирак, Афганстан, Палестина, Иран, Армения сыяктуу аймактык жана Кипр маселеси сыяктуу Түркияны кызыктырган темаларда аткарылгыдай роль ойношунан улам болушунча ыраазы көрүнүүдө. Түркиянын аймактык тынчтык жана ырааттуулукту түзүү багытындагы аракеттерине мактоолор айтылууда. Түркиянын эл аралык коомчулук менен Ирандын арасында арачылык кылуусун улантышы керек экени, АКШнын бул темада Түркиянын колдоосуна муктаждыгы булушунун уланып жатканы белгиленген. Муну менен бирге Түркиянын Иранга эмбарго коюу токтомуна каршы добушун бериши жана Түркия-Израиль карым-катнаштарынын курчушу капачылык туудурууда.

Төртүнчү жагы, АКШнын Түркияга болгон колдоосун алдыга чыгарган. АКШнын ПККга каршы Түркияга колдоо көргөзүшүн уланта турганы, Түркиянын ЕБне мүчөлүгүнүн колдоого алынгандыгы, Түркиянын энергия жолдору өткөн борбор абалына айланышынын жана бул максат менен Түркия-АКШ карым-катнаштары күчтөндүрүлүшү керектиги белгиленген.

Риккиардоне билдирүүлөрүнүн арасында Түркияга бул эскертүүлөрдү жасоодон да тартынган жок. Түркия-Израиль карым-катнаштарынын сөзсүз кайра жакшыртылышы, Хейбелиада христиан дин окуу жайынын ачылышы, диний эркиндиктердин өнүктүрүлүшү, Иран темасында АКШга толук колдоо берилиши, ЕБне мүчөлүк жагынан реформалардын улантылышы, Кипр темасында БУУнун алкагында эки аймактуу жана эки коомдуу федерация түрүндө чечим табылышы, Түркия-Армения жакындашуусунун түзүлүшү жана протоколдордун бекитилиши.

АКШнын Түркия туурасындагы оң көз караштарынын жана Түркиядан күтүүлөрүнүн аткарылышынын канчалык чындык жана мүмкүн болоорун ушул учурда алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Карым-катнаштардын жакшы улантылышы жана күтүүлөрдүн да аткарылышы үчүн, Түркиянын да күтүүлөрү бар экени ачык. Ошондуктан эгер Түркия АКШ үчүн ушунчалык орчундуу мааниге ээ болсо, Түркиянын көз караштарына жана сезимталдыктарына кулак салышы керек. Бул жагдайда биздин да АКШга жеке эки билдирүүбүз болот:

Биринчиси Түркияда демократия жана укуктун үстөмдүгү сыяктуу баалуулктарды жок кыла турган ар түрдүү күч колдонууга каршы турулушу керек. АКШнын жана Түркиянын өтмүштө жасаган күч колдонуу каталарынын кайталанбашы керек. Ачык айтыш керек болсо, Түркиянын да АКШнын да Түркияга аскердик кийлигишүүлөргө же соккуга эч качан жылуу карабашы, эч качан толеранс көргөзбөшү керек. Мисал үчүн; АКШнын 1980-жылкы аскердик соккуга көргөзгөнү «колдоо» болбосо да «жылуу мамиле» сыяктуу абалдын пайда болбошуна көңүл бурулушу зарыл. Ошондуктан бул темада болушунча сезимтал жана сыпайы абалга келген Түркиянын коомдук пикири, демократияга каршы мамилелерге каршы катуу каршылык көргөзгүдөй деңгээлге жеткен. Риккиардоненин Түркияда аскердик төңкөрүштөрдүн болгону тууралуу күндөр эми артта калганын белгилеши жагынан маанилүү.

Экинчиси эгер Түркия АКШ үчүн ушунчалык маанилүү эл аралык жана аймактык позицияга ээ болсо жана Түркиянын аймагында аткарылгыдай роль ойношу күтүлүп жатса, Түркиянын тийиштүү көз караштарына жана сунуштарына кулак салынышы керек. Аймактык ырааттуулк үчүн аракет кылып жаткан Түркиянын аймактык маселелер менен тиешелүү аткарылгыдай саясаттарына жылуу кароо зарыл. Дагы тактай кетсек, Түркиянын Ирак, Сирия, Ливан, Палестина, Иран, Афганстан сыяктуу орчундуу өлкө маселелерине карата тынчтыкчыл киришүүлөрүнүн эске алынышы керек. Өзгөчө Түркиянын Ирандын атомдук программасы темасындагы айырбаштоо келишиминин жана БУУнун коопсуздук кеңешинде эмбаргого каршы добуш беришинин маңызы жана максаты туура түшүнүлүшү керек. Ошондой эле Түркиянын Газа маселесинин чечилиши жана Израиль-Палестина тынчтык процессинин туура түрдө улантылышы жөнүндөгү киришүүлөрүнө туура баа берилиши керек.

Эгерде Түркия жана АКШ, Риккиардоненин белгилегени сыяктуу «эки дос шериктеш» өлкө болсо, Обаманын белгилегени сыяктуу «модел ортоктоштор» болсо жана карым-катнаштар ушундай калышын уланта турган болсо, АКШ башкаруучулугунун Түркиянын үнүнө кулак салышы качылгыс.

Достордон кеңеш алуу ар дайым пайдалуу жана туура болот. Ал эмес бир түрк макалында айтылгандай: «Дос ачуу бирок чындыкты айтат». Бул принцип боюнча, Түркиянын аймактык жана глобалдык маселелер тууралуу сындоолорунун жетилгендик менен эске алынышы ар ким үчүн пайдалуу болот.

Чанкая университетинин саясат илими жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы проф.др.Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсүн окудуңуздар. (www.trtkyrgyz.com)

Turkish Radio - Television Corporation Official Web Site
This service may include material from Anatolian News Agency (AA), Agence France-Presse (AFP), Associated Press (AP), Reuters, Deutsche Press Agentur (dpa), ATSH, EFE, MENA, ITAR TASS, XINHUA which is copyright and cannot be reproduced.