www.trtkyrgyz.com
Rss
АСЕЛСАНДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Түркиянын «АСЕЛСАН» аттуу алдыңкы коргоо өнөр жай уюму өсүп өнүгүп, күчүнө күч кошулуп жатат.

Жиберилди 13.07.2010 14:40:46 UTC
Жаңыланды 14.07.2010 08:38:19 UTC

Акыркы мезгилде өзгөчө товарларды өндүргөн жана лицензия укуктары өзүнө гана тиешелүү болгон товарларды экспорт кылган АСЕЛСАН, товарын эскпорт кылган өлкөлөрдө ишканаларды дагы сатып ала баштады.

АСЕЛСАН өзгөчө Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Ыраакы Чыгышта легендарлуу атка конуп, анын кардарларынын арасына Түштүк Америка дагы кошулду. Улуттук коргонуу өнөр жай уюму жетишкен ийгиликтеринин көрсөткүчтөрүн да жарыялады.

«Amerikan Defense News» журналынын ар жыл сайын «Дүйнөнүн эң чоң 100 коргонуу өнөр жай ишканасы» тизмесинде 2008-жылы 93-орунду ээлген АСЕЛСАН, өткөн жылдагы маалыматтар боюнча 7 тепкичке көтөрүлүп 86-орунга чыкты.

АСЕЛСАНдын 2009-жылдагы коргонуу товарларын сатышы 643 миллион 100 миң долларды түздү.

Социалдык коопсуздук мекемеси тарабынан Анкаранын эң көп салык төлөгөн ишканасы деп табылган АСЕЛСАН, «Amerikan Defense News» журналынын «Дүйнөнүн эң чоң 100 коргонуу өнөр жай ишканасы» тизмесине кире алган эң алгачкы жана жападан жалгыз Түрк коргонуу өнөр жай ишканасы болуп саналат.

АСЕЛСАН биринчи кезекте бул тизменин 50-орунуна чейин көтөрүлүүнү максат кылат.

Тизменин алгачкы орунунда болсо 42 миллиард доллардык сатышы менен Американын «Lockheed Martin» фирмасы келе жатат.

Аталган фирмадан кийин 33 жарым миллиард доллар сатышка ээ болгон «BAE Systems», 31 миллиард доллардык көрсөткүчү менен Американын «Boeing» фирмалары турат. (www.trtkyrgyz.com)

Turkish Radio - Television Corporation Official Web Site
This service may include material from Anatolian News Agency (AA), Agence France-Presse (AFP), Associated Press (AP), Reuters, Deutsche Press Agentur (dpa), ATSH, EFE, MENA, ITAR TASS, XINHUA which is copyright and cannot be reproduced.