www.trtkyrgyz.com
Rss
ТҮРКИЯ-АЗЕРБАЙЖАН СООДАСЫ
Түркия менен Азербайжандын ортосундагы дос жана туугандык мамилелер соода тармагында да өнүгүүдө.
Жиберилди 28.07.2010 12:01:31 UTC
Жаңыланды 28.07.2010 12:08:16 UTC

Мамлекеттик министр Зафер Чаглаян жетекчилик кылган бюрократ жана ишкерлерден турган 100 кишилик түрк соода делегациясы, Азербайжандын борбор шаары Бакуда жолугушууларды өткөрүүдө. Сапарынын алкагында эки өлкөнүн иш чөйрөлөрүнүн ортосунда соода, инвестиция жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнүн көбөйтүлүшү максаты менен иш форуму өткөрүлөт, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Ишкерлер экономикадан азык-түлүккө чейин, курулуштан автомобиль секторуна чейин көп тармакта жаңы иш алпаруу мүмкүнчүлүктөрүн карашат. Мамлекеттик министр Зафер Чаглаян Бакуда мамлекеттик көрүстөн, Азербайжан жана түрк шейиттиктерин зыярат кылды.

Президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынган Зафер Чаглаяндын көп сандаган миенистр менен да эки тараптуу жолугушуулардын жасалышы күтүлүүдө.

Чаглаян 2 күндүк Баку сапары убагында, түрк өнөр жайчы жана ишкерлери менен жолугушуп, орто эсеп менен 3 миң ишканасы болгон Түрк дүйнөсүнүн Рияд соода борборунун ачылышын жасайт. (www.trtkyrgyz.com)

Turkish Radio - Television Corporation Official Web Site
This service may include material from Anatolian News Agency (AA), Agence France-Presse (AFP), Associated Press (AP), Reuters, Deutsche Press Agentur (dpa), ATSH, EFE, MENA, ITAR TASS, XINHUA which is copyright and cannot be reproduced.