www.trtkyrgyz.com
Rss
МЕХМЕТ ШИМШЕК ДАМАСКТА
Каржы министри Шимшек кесиптеши Мухаммед Ел Хүсейин менен жолугушту
Жиберилди 29.07.2010 09:14:04 UTC
Жаңыланды 29.07.2010 09:58:40 UTC

Сириянын борбор шаары Дамаскта жолугушууларды өткөрүп жаткан каржы министри Мехмет Шимшек Түркиянын абдан чоң өзгөрүүдөн өткөнүн, Сирияда ушуга окшогон алмашуунун аймактын ырааттуулугу үчүн пайдалуу болорун айтты. Халептеги жолугушууларынын артынан Сириянын борбор шаары Дамаскка барган Шимшек кесиптеши Мухаммед Ел Хүсейин, вице – президенттин орун басары Хасан Түркмани жана транспорт министри Яроб Бедр менен жолугушту.

Сириядагы абалдарды колдогонун белгилеген Шимшек эки өлкөнүн арасында визалардын жоюлушунан кийин көбөйгөн талапты камсыз кылуу үчүн бажыларда физикалык базистин модернизацияланышы керектигин белгиледи. Сириянын каржы министри Ел Хүсейин да эки өлкөнүн арасында бир банктын курулушу боюнча аракет кылышканын билдирди. (www.trtkyrgyz.com)

Turkish Radio - Television Corporation Official Web Site
This service may include material from Anatolian News Agency (AA), Agence France-Presse (AFP), Associated Press (AP), Reuters, Deutsche Press Agentur (dpa), ATSH, EFE, MENA, ITAR TASS, XINHUA which is copyright and cannot be reproduced.