www.trtkyrgyz.com
Rss
ТҮРКИЯ - АЗЕРБАЙЖАН КАРЫМ – КАТНАШТАРЫ ЭКОНОМИКА ЖАНА СООДА ТАРМАКТАРЫНДА ДА ӨНҮГҮҮДӨ
«Түркия – Азербайжан» иш форуму бүгүн өткөрүлөт.
Жиберилди 29.07.2010 09:05:25 UTC
Жаңыланды 29.07.2010 11:54:35 UTC

Мамлекеттик министр Зафер Чаглаяндын жетекчилигинде бюрократ жана ишкерлерден турган 100 кишилик түрк соода делегациясы Азербайжандын борбор шаары Бакуда жолугушууларды өткөрүүдө. Мамлекеттик министр Зафер Чаглаян Бакуда мамлекеттик көрүстөн менен Азербайжан жана түрк шейиттиктерине барды. Андан кийин президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынган Зафер Чаглаян экономика жана өнүгүү министри Шахин Мустафаев менен жолугушту. Чаглаян эки өлкөнүн арасында 2 миллиар доллар болгон соода көлөмүнүн 5 миллиард долларга чыгарууну максат кылышканын айтты. Мамлекеттик министр Чаглаян жана коштоосундагы делегация бүгүн «Азербайжан – Түркия» иш форумуна катышат.

Түркиянын Баку элчилигинин тышкы соода кеңешчилигинен жасалган билдирүүдө бүгүн өткөрүлүүсү пландалган «Азербайжан – Түркия» иш форуму жана азербайжандык фирмалардын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн эки өлкөнүн арасында инвестиция жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнүн көбөйтүлүүсүнө карата экени белгиленди.

Министр Чаглаян жана коштоосундагы делегация катыша турган «Түркия – Азербайжан» иш форумунун негизинде түрк ишкерлери, электр – электрондук буюмдар, мебель жана кооздуктары, баалуу таштар, автомобиль жана курулуш материалдары, аба жолу аркылуу жүк ташуу сыяктуу темаларды азербайжандык ишкерлер менен сүйлөшүүсү күтүлүүдө. (www.trtkyrgyz.com)

Turkish Radio - Television Corporation Official Web Site
This service may include material from Anatolian News Agency (AA), Agence France-Presse (AFP), Associated Press (AP), Reuters, Deutsche Press Agentur (dpa), ATSH, EFE, MENA, ITAR TASS, XINHUA which is copyright and cannot be reproduced.