ПОДКАСТ МУЛЬТИМЕДИА БАЙЛАНЫШ Rss
Берүүлөрүбүздү угуңуздар
Кабарлар
07.09.2010 Жаңылыктар 15:30
 
Уктуруулар
07.09.2010 Берүүлөр 15:30
Маектешүүлөр
КТМУнун студенттери 26.07.2010
Ибраимова Зарина (CACSA)19.05.2010
Шаухат Рафхатулин (CACSA)19.05.2010
Азимбек Бекназаров (Анкарада)24.07.2010
Проф. Четин Жумагулов 29.05.2010
 
Террор менен күрөшүүдө жаңы мезгилди көздөй...
Түркия террор менен күрөшүүдө профессионалдык аскер бөлүгүн түзүүгө шымаланып киришти. Бийликтеги партия башка партиялар менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Жиберилди 20.07.2010 14:23:42 UTC
Жаңыланды 20.07.2010 14:23:42 UTC

ПКК террордук кол салууларынын июнь айында көбөйүшүнүн артынан Түркия саясаты жаңы мезгилге кирген сыяктанат. Бул мезгилдин өзгөчөлүгү террор менен күрөшүүдө дагы таасирдүү боло алыш үчүн бийлик жана оппозиция партияларынын ортосунда жолугушуу жана макулдашуу процессинин ылдамдаган болушу. Бийликтеги партия «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын сунушунун башкы оппозициядагы партия «Жумурият элдик» партия менен калган партиялар «Демократиялык Сол» партия, «Саадет» партиясы жана «Улуу биримдик» партиясы тарабынан кабыл алынганы боюнча, лидерлердин арасында бир канча жолугушуу жасалды. Премьер-министр Эрдоган жана анын командасы 13-15-июль күндөрүндө катары менен ДСПнын жетекчиси Түркер, СПнын жетекчиси Куртулмуш, ББПнын жетекчиси Топчу жана ЖХПнын жетекчиси Кылычдароглунун офистерине барып, бул теманы сүйлөштү. Премьер-министр эң акырында генштабдын төрагасы Башбуг менен жолугушту. Эрдоган-Башбуг жолугушуусу кезектеги жумалык жолугушуу болсо дагы, саясий лидерлердин күн тартиби менен бирдей деңгээлде эле.

Бардык жолугушууларда ПКК террорун соңуна чыгаруу темасында жалпы макулдашуу түзүлсө, көрүлүшү керек болгон чаралардын бир канчасы алдыңкы планга чыгарылды. Булардан эң маанилүүлөрү булар эле; профессионалдык армиянын түзүлүшү, парламент шайлоолорунда коюлган 10 пайыздык чектөөнүн төмөндөтүлүшү жана аймактагы терс шарттар менен маселелердин сөзсүз жоюлушу болду.

Чанкая университетинин саясат илими жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы проф.др.Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.

Лидерлер аралык жолугушууларга эки жагынан баа берүүгө болот. Биринчиден Түркиядагы демократия жана диалог саясатынын өнүгүшү жагынан абдан маанилүү өнүгүү болуп саналат. Өткөн жылдарда бул сыяктуу жолугушуулар жасала алчу эмес, жок эле дегенде бийликтеги партия менен оппозициялык партиялардын арасында саясий темаларда диалог түзүлө алчу эмес. Бул багыттагы киришүүлөр аз да болсо саясий келишпестиктердин себебинен, аз да болсо процедуралык келишпестиктердин себебинен ийгиликсиз болуп калды. Мисал үчүн; Эрдоган менен мурдагы ЖХПнын жетекчиси Байкалдын ортосундагы жолугушуу, камералардын алдында болобу же жабык эшикетрдин артында болобу деген темада макулдашыла албаган соң болбой калды. Мына ушул сыяктуу себептер менен Түркиянын террор, жумушсуздук, ЕБ жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү сыяктуу негизги маселелеринде лидерлердин ортосунда айтышуу болуп жаткан. Мисал үчүн; өкмөттүн террор менен күрөшүү максаты менен баштаткан атактуу «демократиялык аракет» киришүүсүндө да диалог жана макулдашуу түзүлгөн эмес.

Бул тажрыйба эске алынганда, бир өлкөнүн маселелерине таасирдүү жана туруктуу чечим таба алышы үчүн саясий жана коомдук макулдашуу керектүүлүгү көңүлгө алынганда акыркы лидерлер жолугушуусунун мааниси чоң экени көрүнүп турат.

Лидерлер жолугушуусунун экинчи маанилүү жыйынтыгы, террор менен күрөшүү үчүн көрүлүшү керек болгон чаралар боюнча келип чыккан орток макулдашуу болуп саналат. Булардан эң маанилүүсү, террорго каршы эң таасирдүү жана туруктуу күрөш жүргүзө алыш үчүн профессионалдык армиянын же атайын коопсуздукту сактоочу күч бөлүгүнүн түзүлүшү жөнүндө бирдей көз карашка барылды. Лидерлердин жана коргоо министри Гөнүлдүн билдирүүлөрүнөн түшүнүктүү болгонундай, бул темада иштер аткарылышы үчүн киришүүлөр баштатылган. Адис коопсуздук күчтөрүнүн жетилтилиши, операция шарттарынын белгилениши, финансылык жана социалдык жактары тууралуу ишеничтердин түзүлүшү үчүн алдын ала даярдыктар башталгандай көрүнүүдө.

Бул жерде айрым маанилүү маселелер да ортого салынган: Бул армиянын түзүлүшү, Түркиянын террор менен күрөшүүдө куралдуу күчтөр басымдуулук кылган ыкмага кайрадан кайтуусу түшүнүгүн береби? Түркиянын Түндүк Иракка карата операциялары дагы көбөйөбү? Эң маанилүүсү өткөн жылы башталган демократиялык аракет соңуна чыгабы?

Биздин оюубузга караганда, бул маселелердин үчөөнө тең терс жооп бериш керек. Бириничиден профессионал армиянын курулушу, террористтерге каршы дагы таасирдүү күрөш жүргүзүлүшүн түзөт. Террор менен күрөш үчүн атайын машыктырылган жана жабдылган бөлүктүн учурдагы абалдан дагы ийгиликтүү чыга турганы ачык. Бирок мындай бөлүктүн кыймыл жана кызмат чектеринин абдан жакшы белгиленген болушу жана өткөндөгү тажрыйбаларынын эске алынып түзүлүшү шарт болуп саналат.

Экинчиден профессионал бөлүктүн түзүлүшү, терроризм факторуна каршы жасалышы керек болгон жарандык иш аракеттердин соңуна келе турганы түшүнүгүн бербейт, бербеши да керек. Экономикалык, социалдык, саясий жана башка маселелер чечилип, террордун чындыктарын жоюшу керек. Түркияда бул багытта бирдей пикирдин болгону маалым, лидерлер жолугушууларында бул темаларга токтолушту.

Ушул жагынан ортого салынган пикир, шайлоо чегинин төмөндөтүлүшү жана ушундайча бардык саясий партиялардын ТЖУПде өкүлдүк кылынышынын жолунун ачылышы сунушталган. Бул темада канчалык партиялар аралык келишим болбосо дагы, алдыбыздагы мезгилде бул багытта мыйзамдык түзөтүү жасалышы таң калтырбайт.

Үчүнчүдөн профессионалдык армия, учурдагы эл аралык жана улуттук эрежелер менен принциптердин алкагында кыймыл жасайт. Ушул алкакта шарттардын талабы боюнча чек аранын тышына операция жасалышы албетте мүмкүн болот. Бирок мунун биринчи максат болоору айтыла албайт. Бул темада өзгөчө АКШ жана Ирак башкаруучулугу менен да макулдашылганы түшүнүктүү. Ошондуктан АКШ дагы, Ирак дагы ПКК терроруна каршы Түркияны колдогон болуп, бул максат менен үчтүк механизм иштөөдө. Ушул жагынан каралганда, Түркиянын түзүлө турган профессионал армиясы да Ирак эгемендигине жана каалоосуна ылайык түрдө кыймыл жасоосун улантат.

Ушул процессте башка маанилүү нерсе, террорго каршы күрөштө жаңы чаралар көрүлүшү процессинде Түркия коомчулугунун жана тиешелүү өкүлдөрүнүн да көндүрүлүшү керек. Ошондуктан ар кимди кызыктырган улуттук маселе болуп саналат. Ушул себептен демократия процессинин темасы болгон. Ушул алкакта маанилүү маселе, өзгөчө эки саясий партиянын б.а. МХП жана БДПнын лидерлер жолугушуусу процессинин тышында калган болуулары. Ал эмес, бул улуттук маселеде толук макулдашуу жана ийгиликтин түзүлүшү үчүн бул партиялардын да процесске кошулушу абдан маанилүү. Керек болсо премьер-министр Эрдоган, керек болсо бул процесске катышпаган жана катышкысы келбеген партиялардын, бул темадагы тоскоолдуктарды жоюлары жана макулдашууга аракет кылуулары шарт.

Бул теманын алдыбыздагы күндөрдө күн тартипте болушун уланта турганы, ТЖУПнин ичинде жана тышында жолугушуулар улантыла турганы түшүнүктүү. ПКК терроруна каршы жаңы процесс башталган ушул мезгилде, демократия жана диалог алкагынын кеңейтилиши, Түркия демократиясынын жетилиши жана террорго каршы туруктуу чечим табылышы жагынан абдан пайдалуу болот.

Чанкая университетинин саясат илими жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы проф.др.Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсүн окудуңуздар.





Акыркы кабарлар
ТРТ ТҮР жөнүндө ТРТ жөнүндө Кат жиберүү Программа тартиби Мультимедиа
ТРТ Радио
ТРТ ТВ
ТРТ Кабар
ТРТ Тарыхча
Terms of use
Ой-пикир билдирүү
Спутник маалыматтары
Фото Галерея
Угуу/Көрүү
ПОДКАСТ
Turkish Radio - Television Corporation Official Web Site