ПОДКАСТ МУЛЬТИМЕДИА БАЙЛАНЫШ Rss
Берүүлөрүбүздү угуңуздар
Кабарлар
09.09.2010 Жаңылыктар 1530
 
Уктуруулар
09.09.2010 Берүүлөр 1530
Маектешүүлөр
КТМУнун студенттери 26.07.2010
Ибраимова Зарина (CACSA)19.05.2010
Шаухат Рафхатулин (CACSA)19.05.2010
Азимбек Бекназаров (Анкарада)24.07.2010
Проф. Четин Жумагулов 29.05.2010
 
Эскерүүлөрдө Ататүрк – 29
Якуп Кадри Караосманоглунун эскерүүсү.
Жиберилди 28.07.2010 14:52:11 UTC
Жаңыланды 28.07.2010 14:52:11 UTC

Тарыхтын алгачкы доорлорунан бери мамлекеттик башкаруучулардын, белгилүү кишилердин, ар түрдүү кесиптерден турган кишилер менен дасторкондо чогулуп ар түрдүү маселелерди талкуулоо салты улантылып келе жатат. Эски грек цивилизациясы жетиштирген философ Платон окуучулары менен тарыхка «диалогдор» деп өткөн талкууларын «академияда» өткөрчү. Бул жер Афинада философия мектеби кылган үйүнүн короосу эле. Платон кудум мугалими Сократ сыяктуу бул жерде окуучулары менен күндүн акырларын акылдын жана билимдин жарыгында талкуулачы. Ушундайча чындыктарга, жакшыга, кооздукка, туурага баруунун жолдорун издечү.

Мынакей улуу жол башчы Ататүрктүн дасторкону да ушундай дасторкон эле. Ачык сөздүү, жашырган эч нерсеси жок. Мамлекетти башкаруунун ар бир ишинде болгондой эле жеке турмушунда да ачык эле. Калкына болгонундай көрүнүүнү каалар эле. Анын бул мүнөздөрүн абдан жакшы түшүндүрө тургандар, анын жакынында жана дасторконунда болгондордун бир жазуучу Якуп Кадри Караосманоглу .

Якуп Кадри Караосманоглу бир жазуусунда буларды айтат : «Ататүрктүн дасторконунда баарыбыздын рухунда жана дымагында терең, таттуу жана үлгү болуучу элестер, турмушка жана адамзатка байланыштуу баалуу сабакатар калган. Тилекке каршы арабызда бир Платон жок эле. Эгерде болгондо М. Кемалдын бардык ал сөздөрүн, ал тамашаларын Сократтын диалогдорун кандай чыгарган болсо, сөзсүз түрдө анын сөздөрүн да эстелик катары калтыраар эле». ГЕЧИШ........

Көптөгөн жылдар мурун Ататүрктүн жакынында жана дасторконунда болгон башка белгилүү жазуучу Фалих Рыфкы Атай да анын дасторконун «мажилистер» деп мүнөздөйт. Фалих Рыфкы Атай : «Жаштыгынын акыркы күндөрүнө дейре өзүн тааныгандардын баары үчүн Ататүрк аты дасторкон маектеринен элестерди алып келет. Достору менен кечинде дасторкон башында жоолугушуп жана кеч сааттарга чейин сүйлөшүү анын адаты эле.

Абдан азы көңүл ачуу мажилиси болгон. Булар да мектептерде эс алуу сааттары болот эмеспи, ошондой бир нерсе эле. Көптөгөн саат олуттуу нерселерди окуп же жазар элек. Мээсинин чарчаганын эч билчү эмесмин. Ооруп калган жылдарына чейин да таң калтырган эске тутуусу бар эле. Коноктору ар дайым түрдүү болгон. Жалындуу жана сыймыктуу улутчулдук, ийилип бүгүлбөс эрк жана өзүнө болгон ишеним сезимине ээ эле. Сүйгөндөрүнүн жана бирдикте бир нерсеге ишенгендердин сындарына каршы чыгуусуна чыдоосу жана оптимисттиги бар эле. Түрк тили жана түрк тарыхы маселесинин анын дасторконунда жетилгенин болжолдоймун. Бордуу кара тактанын алдында турган. Министрлер, профессорлор, депутаттар дайыма ал тактага чыктык. Андан башка баарыбыз чарчачубуз».

Фамилиясын Ататүрк берген Ибрахим Эргуван анын 1925- жылы өлүмүнө чейин дасторкон башчылыгын аткарган. Эргүван эскерүүлөрүнүн бирин төмөнкүчө билдирет:

«Ататүрктүн дасторкону, дасторкондон дагы көп мектепке окшоор эле. Дасторконду даярдап жатып кандай гүл менен кооздоону унутпастан, табактардын, бычактардын, стакандардын жанына сөзсүз бир блокнот менен калем коюну да эч унутпас эле. Тамак бөлмөсүнүн бир бурчунда да мектептердегидей кара такта турчу. Бору менен өчүргүчү менен ал да дасторкондун бир бөлүгү эле. Балким таң калгандар болор, бирок ал кара тактага мен да чыккамын. Биз дасторконду даярдап жатканда Ататүрк конокторун көпчүлүк учурда биллиард бөлмөсүнө алчу. Кээде Ататүрк конокторун биллиард ойноп жатып тосуп алчу. Биллиардды абдан жакшы ойночу. Конокторунун баары келгенден кийин : «Келиңиздер, кааласаңыздар дасторконго отуралы»,- деп үй ээлигин аткарчу. Дасторкондо сүйлөнгөн же талкууланган темалар көпчүлүк учурда таңга дейре улантылчу. Талкууланган теманы болсо, ойлорун билүүнү каалаган конокторуна : «Мырзам, сиз, бул темада эмне дейсиз»,- деп сурачу. Көпкө созулган сүйлөшүүлөрдү да сабырдуулук менен укчу. Андан кийин башка бир конокко карап : «Сиз эмне дейсиз. Сиздин айта турганыңыз барбы?»,- деп улантчу.

Ушундай күндөрдө кээ кээде балдар да катышкан учурлар болгон. Дасторконунда мамлекет башчы, саясатчы, илимпоз, өнөрпоз эмне болсо, анын оюу боюнча бала да ошондой эле. Алар менен кандай алектенип жаткан болсо балдар менен да ошондой алектенчү.

Ататүрк : «Мага адамдар жөнүндө жаратылышты көрсөтүүгө аракет кылбаңыздар. Жаралуумдагы бир гана өзгөчөлүк түрк болуп дүйнөгө келүүм»,- деген.





Тийиштүү кабарлар
Эскерүүлөрдө Ататүрк – 28
Акыркы кабарлар
ТРТ ТҮР жөнүндө ТРТ жөнүндө Кат жиберүү Программа тартиби Мультимедиа
ТРТ Радио
ТРТ ТВ
ТРТ Кабар
ТРТ Тарыхча
Terms of use
Ой-пикир билдирүү
Спутник маалыматтары
Фото Галерея
Угуу/Көрүү
ПОДКАСТ
Turkish Radio - Television Corporation Official Web Site