ПОДКАСТ МУЛЬТИМЕДИА БАЙЛАНЫШ Rss
Берүүлөрүбүздү угуңуздар
Кабарлар
07.09.2010 Жаңылыктар 15:30
 
Уктуруулар
07.09.2010 Берүүлөр 15:30
Маектешүүлөр
КТМУнун студенттери 26.07.2010
Ибраимова Зарина (CACSA)19.05.2010
Шаухат Рафхатулин (CACSA)19.05.2010
Азимбек Бекназаров (Анкарада)24.07.2010
Проф. Четин Жумагулов 29.05.2010
 
Тынчтык жана коопсуздук – 28
Токтотулган түрк – армян карым- катнаштары жана бул кыска процессте Армения кандай аракеттерди жасап жатат.
Жиберилди 28.07.2010 13:42:45 UTC
Жаңыланды 29.07.2010 07:44:34 UTC

Билингениндей Түркия менен Армения 2009- жылдын акыркы чейрегинде «бири бирине карата мамилелердин өнүктүрүлүшү жана мезгили менен нормалдашуусун күткөн бир топ токтомго кол койгон. Бирок, Ереван башта Армения Конституциялык Соту болуу менен бул токтомдорду иштебей турган абалга алып келүү үчүн ар түрдүү терс аракетте болгон жана тараптардын арасындагы диалог каалгаларынын да жабылуусуна жол ачкан. Айрыкча 2010- жылдын апрель айынан кийин Армениянын жетекчилеринин Түркияга каршы айткан сөздөрү түшүнүлгүс түрдө душмандык өзгөчөлүккө ээ болду.

Дүйнөлүк басма сөзгө чагылганынчалык Армениянын президенти Серж Саркисяндын өткөн жумаларда Европада жолугушууларды өткөрүп төмөнкүчө билдирүү жасаганы ортого чыкты : «Профессонал Армения армиясы согуш майдандарында жаралды. Тажрыйбалуу командирлери жана жеңишти максат кылган модели менен бул армия бардык милдетти орундатууга даяр жана 10 эсе чоңдукта болгон өлкөлөр менен күрөшө алат».

Бул чындыгында Түркияга толугу менен шайкеш келбейт. Бирок, Серж Саркисяндын ушинтип Түркияны белгилегени да ачык. Негизинен сандык маалыматтар жактан салыштырылганда Армения өлчөмү жактан Түркиянын ондон бир бөлүгүнчөлүк да чыкпайт. Бирок, Түркияга карата каршылыгын өзүнчө «кесип» кылып алган Саркисяндын мындай билдирүүнү эмне үчүн жасаганын да ортого чыгаруусу керек. Албетте билгендер билет, армян дипломатиясында мындай нерселер болот. Эч кимдин шеги болбосун, Саркисян мындан кийинки биринчи эл аралык саммитте бир түрк мамлекеттик кызматкери менен кездешкенде дароо колтугуна кирип кайрадан симпатияга ээ болууга аракет кылат.

Серж Саркисян Армениянын президенти. Ошондуктан сөздөрүнө олуттуу түрдө карообуз керек. Бул сөздөрдү эс алуудагы саясатчы айткан болгондо аз маани берилип, көп олуттуу каралмак эмес. Бирок, буларды өзү айтып жаткан болсо сөзсүз түрдө себеби болуусу керек. Негизинен Саркисяндын Түркияны коркутуусу үчүн эч кандай себеп жок. Себеби, эки тараптуу карым- катнаштар ансыз да Еревандын протоколдор тууралуу жоопкерчиликсиз аракетинен улам шал болгон оорулуу сыяктуу. Эгерде Ерван берген убадасында турган болгондо бүгүн Армения дагы бактылуу мезгилди баштаган болор эле. Бирок, Серж Саркисян жана ал сыяктуу ойлонгон Ереван башкаруусунун чындыктарды көрүүдөн алыс болгон мамилесинин натыйжасында Анкара – Ереван байланышы терең комага кирип жатат. Серж Саркисян болсо Түркияга бизди эмне үчүн коркутуп жатат дегендей кылып жатат.

Эң оболу Серж Саркисяндын ою боюнча «так», «профессонал», «жеңиш багыты» жана «бардык милдетти аткарууга даяр» Армения армиясы деген эмне? Бул боюнча карайлы. Армиян армиясы 1992- жылы 28- январда түзүлгөн. Жаңы теориялык жактан караганда бул кадрлардан эч ким эс алууга чыга элек. Жалпы персонел саны 40.421 кишиден турат. Бул армиянын кээ бир бөлүктөрү азыр да Косовада жана Афганстанда тынчтык күчүндө, тынчтык күчүндө 40 – 50 кишиден болуп кээ бир бөлүктөрдө кызмат кылып жатат. Бирок, Серж Саркисяндын ою боюнча «профессонал», «жеңиш багыты» жана «бардык кызматтарга даяр» болгон бул армян армиясы «согуш майдандарында» жаралыптыр... Андай болсо Саркисян муну билсин, Измир Ататүрк Стадиону ал армиядан экөөсүн ичине ала алат. Армениянын президентинин согуш майдандары деп сөз кылган Карабахты басып алуу кыймылдары эле. Саркисян мактанган армия чындыгында да кыргындар менен жаралды, басып алуулар менен чоңойду, кыргындар менен тажрыйбага ээ болду. Серж Саркисяндын «каарман аскерлери» 1980- жылдардын акырларында орус аскердик колдоосу менен Азербайжан жерлерине кол салып Шушада, Келбечерде, Лачинде жана Карабахта жарандык калкты өлтүрдү. Азербайжандын бештен бир бөлүгүн эл аралык укукка терс түрдө басып алды. Саркисяндын «жеңүүчү армиясынын эң чоң жеңиши» тактап айтканда жапайылыкты болсо билингениндей 1992- жылы февраль айында коргоочусуз, куралсыз аялдарга, балдарга жана кары – картаңдарга каршы Хожалыдагы этникалык тазалык операциясы менен болду.

Армян армиясынын теги 1988- жылы Карабахты басып алууну каалаган армяндарга жер ачуу үчүн Азербайжандык жарандарды бутага алган террорист армяндарга таянат. Албетте алардын да теги бар. Алардын теги да мактанган жана бар болуусунан сыймыктанган 1915- жылдагы окуяларга таянат. Тактап айтканда кыргындары менен белгилүү Хынчак, Дашнак козголоңчуларына жана андан кийинки Армян Чыгыш Легионуна... Саркисян сыймыктанган ал легиондун мүчөлөрү 1915- 1920- жылдардын арасында Анадолунун тарыхына аесуз, зулум өлтүрүүчүлөр деп өттү. Түрк айылдарынын аянттарында коргоочусуз, күчсүз, эркексиз айылдыктар чогултулуп, колдорун байлагандан кийин кыйноо менен өлтүрүлгөн айыл аянттарынан келген тажрыйба менен Саркисяндын арыстандары акыркы болуп 1992- 93- жылдардын арасында да Шушада, Лачинде, Келбечерде жана Хожалыда күнөөсүз адамдарды өлтүрүштү.

Серж Саркисян бул армиянын бүгүн колунда калашниковдор менен модасы өткөн мурунку советтик танктары менен жана ачык аба аскердик музейи сыяктуу курал – жарактары менен Түркияга каршы чыга аларын билдирип жатат. Белгиленген бул максат өзүнөн 10 эсе чоң башка кайсы өлкө боло алат. Кыйын күндөрүндө жанында орун алган коңшусу Иранбы, же Армениянын жанын куткаруучусу Орусиябы?

Серж Саркисяндын бул акыл тышы коркутуусунан мурунку абал болсо Түркиянын Армения менен карым – катнаштарын нормалдаштыруу үчүн кол койгон протоколдор болчу. Бирок, Армения протоколдорго кол койсо да ишке киргизбөө үчүн бардык нерсени жасады жана акырында бекитүү процессин да бир тараптуу түрдө токтотту. Негизинен дипломатияда мамлекеттер астына кол койгон документке ээ чыгуусу салт. Ошолд эле салт боюнча мамлекеттер кол коюп жатканда жоопкерчилик менен кол коюшат. Мамлекеттер үчүн коюлган кол намыс, ардак. Ошондуктан мамлекеттер коюлган колдорунун негиздерин орундатышат. Эч шексиз буга баш ийбеген мамлекеттер да болушу мүмкүн. Армениянын «бекитүү процессин токтоткон» протокол буларды күтүп жаткан : «Эки калктын арасында бири бирине карата ишенимдин түзүлүшү максатында болуп жаткан маселелердин аныкталуусу жана сунуштарды сунуштоосуна карата тарыхый булак жана пикир алышуулардын тарапсыз илимий иликтенүүсүн да камтый тургандай диалогдун ишке ашырылуусу тууралуу келишим түзүлгөн». Тактап айтканда армян кыргыны ойлорун тарыхчылар комиссиясы иликтейт. Айрыкча Түркия жана Армения эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин арасында иреттүү түрдө саясий кеңешүүнүн ишке ашырылуусу темасында да макулдашуу түзүлгөн. Мындан башка эки өлкө азыркы транспорт, байланыш, энергетика базиси жана түйүндөрүнөн эң жакшы түрдө колдонулуусу жана бул багытта чаралардын көрүлүүсү, кызматташтыкты күчтөндүрүү максатында эки тараптуу укуктук алкактын өнүктүрүлүшү тууралуу да келишкен.

Анкара менен Ереван тийиштүү мекемелердин арасында карым – катнаштардын колдоого алынуусу жана адис жана студеттик алмашууну кубаттоо жолу менен билим жана билим берүү тармактарында кызматташтыктардын түзүлүшү жана эки тарапка таандык маданий мурастын сакталуусу жана орток маданий долбоорлордун баштатылуусу максатында аракетке өтүлүүсүнө да чечим чыгарган. Эки өлкө жарандарына керектүү жардам жана коргоого мүмкүнчүлүк түзүү үчүн 1963- жылдагы консулдук карым – катнаштарына байланыштуу Вена келишими боюнча консулдук тармакта кызматташтыктын түзүлүшү тууралуу да келишкен. Түркия менен Армениянын арасында соода, туризм жана экономикалык кызматташтыктын өнүктүрүлүшү максатында так чаралардын көрүлүүсү; экология темаларына байланыштуу диалогдун түзүлүшү жана кызматташтыктын күчтөндүрүлүүсү жагдайларында да макулдашуу түзүлгөн. Бирок, келинген акыркы жерге каралганда Армениянын президентинин коркутуучу сөздөрү негизги күн тартипте болуп жатат. Мындай мамилелер менен тынчтыкты түзүү, аны коргоо жана Кавказдарда аймактык коопсуздукка салымын кошуу мүмкүнбү?





Тийиштүү кабарлар
Тынчтык жана коопсуздук – 28
Акыркы кабарлар
ТРТ ТҮР жөнүндө ТРТ жөнүндө Кат жиберүү Программа тартиби Мультимедиа
ТРТ Радио
ТРТ ТВ
ТРТ Кабар
ТРТ Тарыхча
Terms of use
Ой-пикир билдирүү
Спутник маалыматтары
Фото Галерея
Угуу/Көрүү
ПОДКАСТ
Turkish Radio - Television Corporation Official Web Site