ПОДКАСТ МУЛЬТИМЕДИА БАЙЛАНЫШ Rss
Берүүлөрүбүздү угуңуздар
Кабарлар
09.09.2010 Жаңылыктар 1530
 
Уктуруулар
09.09.2010 Берүүлөр 1530
Маектешүүлөр
КТМУнун студенттери 26.07.2010
Ибраимова Зарина (CACSA)19.05.2010
Шаухат Рафхатулин (CACSA)19.05.2010
Азимбек Бекназаров (Анкарада)24.07.2010
Проф. Четин Жумагулов 29.05.2010
 
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 119
Кыргызстан, Казакстан жана Түркиядан кабарлар.
Жиберилди 28.07.2010 13:15:09 UTC
Жаңыланды 15.08.2010 12:57:14 UTC

Кыргызстанда референдум жолу менен президенттик жоопкерчилиги берилген Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева ант берип кызматын баштады.

Бишкек концерт залында өткөрүлгөн салтанатта Кыргызстан Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев шайланганына байланыштуу күбөлүгүн берген Отунбаеваны Кыргызстандын президенти деп жарыялады. 27- июндагы референдумда кабыл алынган жаңы конституцияга колун баскан Отунбаева ант берди. Кыргызстан гимнинин аткарылуусунан кийин сөз сүйлөгөн Отунбаева : «Кыргызстан калкынын 5 жылдын ичинде 2 төңкөрүштү башынан өткөрүүсүнөн абдан чоң сабак алуусу керектигин, 7- апрелде ыйык максат үчүн жанын берген 86 каармандын ысымдарынын эч качан унутулбай турганын»,- белгиледи.

Отунбаева өлкөнүн түштүгүндөгү трагедиялуу окуяларга токтолуп : «Тилекке каршы Ош жана Жалал – Абад облустарында күнөөсүз кишилер каза болду»,- деди. Жарым саатка созулган президенттик ант берүү салтанатына тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен Убактылуу башкаруунун жетекчилери жергиликтүү жана коомдук жетекчилер, жазуучулар жана илимпоздор, чет элдик мамлекеттердин элчилери менен миссия шефтери катышты.

Кезекте Орто Азиядан башка бир кабар бар. Азия Экономикалык Коому саммити Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлдү. Астанадагы Акорда президенттик сарайында өткөрүлгөн жыйынга Азия Экономикалык Коомунун саммитине жетекчилик кылган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, Тажикстандын президенти Имамали Рахман, Белорусиянын президенти Александр Лукашенко, Кырыгзстандын презденти Роза Отунбаева жана Армения, Украина да байкоочу катары катышты.

2000- жылы түзүлгөн Евроазия Экономикалык Коому Астанадагы жыйынга ошол эле учурда 10- жылын да белилеген болду. Саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев катышуучуларга ырахмат айтып, 10 жылдын ичинде шилтенген кадамдардан сөз кылды.

Казак лидер Назарбаев Орусия, Казакстан жана Белорусиянын арасында кол коюлган Бажы Биримдигинин аймак өлкөлөрү үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп Казакстан катары бул бирдикте активдүү рол ойношорун айтты.

Жыйындан кийин лидерлер катышкан пресс – жыйында орток Бажы Биримдигинин расмий түрдө ишке ашырылышына карата келишимдерге кол койгон Медведев, Лукашенко жана Назарбаев Бажы Биримдигинин аймак өлкөлөрү үчүн да үлгү болорун айтты.

Евроазия экономикасынын өнүгүүсү үчүн аймак өлкөлөрү катары абдан көп эмгектенүүсү керектигине көңүлдөрдү бурган Нурсултан Назарбаев ар бир өлкөнүн өзүнө түшкөн милдетти орундатуусу керектигин баса белгиледи.

Жыйындан кийин Белорусия, Кыргызстан, Тажикстан, Орусия жана Казакстандын арасында жаңы кызматташтык келишимдерине кол коюлду. Бир тараптан 5 жыл мурда Евроазия Экономикалык Коомуна мүчөлүгүн токтоткон Белорусия мүчөлүгүн кайрадан активдүү абалга алып келди.

Эми кезекте Түркиядан бир кабар бар. Түркиянын эң чоң түрк байрагынын астында 7 бир тууган мамлекеттин байрагы желбиреп жатат. Бурсада Ахмет Танер Кышлалы аянтынын бир бөлүгүнө тургузулган жана 7 бир тууган өлкөнүн байрактары желбиреген «7 мамлекет бир улут желек аянты» салтанат менен ачылды.

Азербайжан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Өзбекстан, Казакстан жана Түркиянын туусу көтөрүлгөн салтанатта Казакстандын элчилигинин маданият аташеси Нишангүл Назараева сөз сүйлөдү. Казакстандын көз карандысыздыгынан сөз кылган Назараева түрк болуудан абдан сыймыктанышканын белгилеп, Ататүрк түзгөн Түркия Республикасы менен биримдик ичинде болуунун бакытын жашап жатышканын айтты.

Йылдырым мэри Өзген Кескин түрктөрдүн абдан кенен аянтта биримдик ичинде жашаганына басым жасап : «Ахмет Танер Кышлалы Аянты деп аталган бул аянттын бир бөлүмү «7 мамлекет 1 улут байрак» аянты болду».

80 метр бийиктикте 340 метр квадраттык кеңдикте болгон Түркиянын эң чоң түрк байрагынын астында желбирей турган 7 бир тууган мамлекеттин байрактары Түркия менен бирге башка мамлекеттер үчүн абдан чоң мааниге ээ болот. Бул биздин канчалык чоң жана биримдик ичинде бир тууганча жашаганыбыздын көрсөткүчү»,- деди.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин ар бир өлкөнүн өкүлү гимндин коштоосунда тууларын көтөрүштү. Ар бир өлкөнүн курулушу тууралуу, калкы, аянты, борбор шаары сыяктуу маалыматтар берилген атайын долбоорлонгон реклама щиттери орун алган аянтта айрыкча ар бир өлкөнүн байрагы орун алды.

Бурсадан дагы бир кабарыбыз бар. Йылдырым райондук муниципалитети тарабынан салттык Эл аралык Түркия төкмө акындары жана акындар майрамынын алтынчысы өткөрүлдү.

Майрамдын алкагында Барыш Манчо Маданият Борборунда өткөн жылкы шаан – шөкөттө тартылган фотографиялар орун алган көргөзмө ачылды. Йылдырым мэрдигинин Эл аралык төкмө акындар жана акындар шаан – шөкөтүнө 8 өлкөдөн конок төкмө акын жана акындар катышты. Түркия Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан Кыргызстан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Чуваш Автономиялуу Республикасынан жалпы 81 төкмө акын жана акын жарышкан шаан – шөкөттө даражага киргендерге ар түрдүү сыйлыктар берилди.

Чыгыштын жана түрк – ислам санат дүйнөсүнүн биринчи опера чыгармаларынан бири болуп кабыл алынган жана ТҮРКСОЙ тарабынан даярдалган «Көроглу» операсы бул жылы биринчиси өткөрүлгөн Эл аралык Стамбул Опера фестивалынын 23- июлдагы жабылуу бөлүмүндө сахнага чыгат.

ТҮРКСОЙдун генералдык секраталыгынан жасалган билдирүүдө Стамбул 2010 Европа маданий борбор шаары агенттигинин жардамы менен маданият жана туризм министрлигинин мамлекеттик опера жана балетинин генералдык директорлугу тарабынан «Опера шаарга келе жатат» деген ураан менен турмушка ашырылган 1- Эл аралык Стамбул опера фестивалында түрк маданияты жана турмушун тема кылып алган улуттук опералары орун алаганы белгиленди.

«Сарайдан кыз качыруу», «Фатих Султан Мехмет», «Заиде» сыяктуу чыгармалар менен бирдикте «Көроглу» операсынын да фестивалдын негизинде орун алган түрк маданиятын чагылдырган маанилүү чыгармалардын арасында орун алганы белгиленген билдирүүдө ТҮРКСОЙдун генералдык секретарлыгы даярдаган жана 23 – июлда Халич Конгресс Борборунда сахнага чыга турган «Көроглу» операсынын фестивалдын жабылуусунда сахнага чыгары билдирилди.

Билдирүүдө азербайжандык композитор Үзейир Хажыбейлинин чыгармасы «Көроглу» операсынын Чыгыштын жана түрк – ислам санат дүйнөсүнүн алгачкы опера чыгармаларынын бири катары кабыл алынганы баса белгиленди. Билдирүүдө биринчи жолу 1937- жылы Азербайжан Мамлекеттик Академиясынын опера жана балет театрында көргөзмөгө чыккан жана түрк дүйнөсүнүн орток дастан каармандарынан бирөөсү болгон Көроглуна арналган чыгарманын негизги теманын эркиндик, теңдик жана махабат экени айтылды.

Билдирүүдө ТҮРКСОЙдун генералдык секретарлыгынын бул чыгарманын жаңыдан түрк дүйнөсүнүн алдыңкы өнөрпоздору менен ортоктошо кайрадан сахналаштырылуусу үчүн 2009- жылы иш башталганы эскертилди. Айрыкча көптөгөн жылдар дүйнөнүн негизги оркестрлары менен бирдикте соло концерт берген скрипач-виртуозу болгон ТҮРКСОЙдун генералдык секретары Дүйсен Касеиновдун жол башчылыгында жүргүзүлгөн «Эл аралык Көроглу операсы» долбоорунун ТҮРКСОЙго мүчө 6 өлкөдөн (Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Татарстан жана Башкортостандан) 250 өнөрпоздун катышуусу менен өткөн жылы ийгиликтүү өткөрүлгөнү белгиленди.

ТҮРКСОЙдун генералдык секретарлыгы тарабынан даярдалган «Көроглу» операсы 2009- жылы 8- 18- сентябрь күндөрүнүн арасында Бишкек, Алматы, Анкара жана Баку болуу менен 4 борбор шаарда сахнага чыккан. Биринчи жолу Түркия түркчөсүндө аткарылган «Көроглу» операсында Ахмет Агади (Көроглу, Татарстан), Гүлзад Даурбаева (Нигар, Казакстан), Йолдаш Исраилов (Айваз, Казакстан), Эмрах Сезен (маскарапоз, Түркия) сыяктуу солисттер орун алды.





Акыркы кабарлар
ТРТ ТҮР жөнүндө ТРТ жөнүндө Кат жиберүү Программа тартиби Мультимедиа
ТРТ Радио
ТРТ ТВ
ТРТ Кабар
ТРТ Тарыхча
Terms of use
Ой-пикир билдирүү
Спутник маалыматтары
Фото Галерея
Угуу/Көрүү
ПОДКАСТ
Turkish Radio - Television Corporation Official Web Site