Жиберилди 14.07.2010 10:02:09 UTC
Жаңыланды 15.08.2010 12:54:44 UTC
Шыпаалуу суулар бейиши Түркияга кош келдиңиздер. Түркиянын облустарын бейиш булактары менен таанытуу саякатыбызды улантабыз. Бул жумада Болу облусундагы шыпаалуу булактарды таанытабыз.
Болу шыпаалуу булактарга бай облустардын бирөөсү жана арашандары менен таанылат. Минералдарды изилдөө институтунун облус да болуу менен жасаган иштери Меркез, Гереде, Гөйнүк, Мудурну жана Себен райондорунда арашан сууларынын, Меркез жана Менген райондорунда болсо минералдык суулардын кенен калк массасы тарабынан таанылуусуна себеп болду. Болунун шыпаалуу суулары, табигый кооздуктары жана теңдеши жок карагай токойлору аймактын туризм борбору болуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүдө.
Болунун Меркез району керек болсо арашан керек болсо ичүүчү сууларынын бай болуусу, керек болсо минералдык сууларынын көптүгү жактан башка райондорго караганда биринчи орунда турат.
Сөз кыла турган биринчи булак Болу – Кыбрысчык жолунун үстүндө орун алган, облустун борборуна 5 километр алыстыкта, Каражасу айылындагы Болу арашандары. Туризм министрлиги тарабынан 1994- жылы «Термалдык туризм борбору» деп жарыяланган аймакта «Бүйүк Каплыжа» башкача айтканда «Чоң арашан» менен «Йени Термал Отел», «Күчүк Каплыжа» башкача айтканда «Кичи арашан» жана саламаттыкты сактоо министрлигине таандык физиологиялык дарылоо жана реаблитация ооруканасы болуу менен төрт башка мекеме бар. Бул жер Себен тоосунун этектеринде, тегереги токойлор менен капталган эс алуу жери. Аймактын деңиз деңгээлинен бийиктиги 750 метр.
Болу арашандарынын тарыхы тууралуу так маалыматтардын болбошу менен абдан эски мезгилдерде да колдонулганы, акыркы жылдарда Бүйүк жана Күчүк арашандардын арасында жасалган казуулардан билинген. Доктор Рыза Реман «Balneoloji» аттуу чыгармасында Болу арашандарынын 17 кылымдан ашуун убакыттан бери таанылгандыктан европалык саякатчылардын жазган чыгармаларында бул арашандардан сөз кылышканын баяндайт жана В. Гамильтон тарабынан арашандын кенен түрдөгү картасынын сызылганын белгилейт.
Белгилүү саякатчы Эвлия Челеби болсо «Сейанатнаме» аттуу чыгармасында Болу арашандары тууралуу буларды жазган : «Болу шаарынын түштүк тарабынын тышында жүзүм зарына жакын бир жереде кичинекей, эски методдо курулган арашан бар. Кудай жараткан дүйнөгө белгилүү ысык суу. Абдан ысык болуу менен котур оорусуна пайдалуу. Ичкен кишинин ашказанынын иштөөсүн тартипке салат, денесин пахта сыяктуу жумшатат жана шыпаа кудурети бар арашан. Шаардын бардык жашоочулары бул арашанга келип ооруларынан тазаланышат. Арашандын түндүгүндө Йозгат Баба теккеси бар...»
Кээ бир тарыхчылар арашандардын Селжуктук мезгилинде да иштетилгенин жазышат, бул туура. Аймактагы шыпаалуу суулардын римдиктерден бери колдонулганы болжолдолсо да римдиктердин бул жердеги жети башка булакка курган жети мончосунун калдыктары күнүбүзгө чейин келе алган эмес.
Эмки сөз боло турган арашандын аты «Бүйүк каплыжа» башкача айтканда «Чоң арашан». Минералы аз жана ичүүчү суулар группасында иликтенген арашан суусу Чыгыш жана Батыш булагы болуу менен эки башка жерде кайнап жатат. Кальций бикорбанат, сульфат, магний жана көмүр кычкыл газын камтыйт. Батыш булагындагы радиоактивдүүлүк катнашы аймактагы башка булактарга караганда абдан көп. Арашандын суусу 42- 44 градустун арасында жана Болу Термалдык Отелдин ичинде пайдаланылып жатат.
Үч жылдыздуу заманбап термалдуу мекеме болгон Болу Термал Отели Византия мезгилинен калган тарыхый мончолордун үстүнө курулган. Отелдин астынкы катында орун алган 12 атайын бөлмөлүү арашан бөлүмүнөн белгилүү акы төлөө менен пайдаланылат. Отелде төрт дарылоо бассейини менен эки чоң эс алуу бөлмөсү бар жана кардарларга 74 бөлмөдө 145 орундук көлөм менен кызмат кылып жатат.
«Бүйүк каплыжага» окшош өзгөчөлүктөрдү көрсөткөн «Күчүк каплыжанын» суусунда темир аз өлчөмдө. Анын да Чыгыш жана Батыш булагы болуу менен эки булагы бар. Ысыктыгы 43- 44 градус. Арашандын дарылоо бөлүмү бир дарылоо бассейини менен 33 мончодон турат. Коноктоо мүмкүнчүлүктөрү чектүү. 18 бөлмөдө муктажыктарга жооп берүүгө аракет кылынууда. Бирок, талаптардын көбөйүүсү менен башка термалдык мекемелерде болгондой бул жерде да кеңейтүү жана рестоврация иштери жасалууда.
Болу арашандары ревматизм, невральгия, неврит, полиневрит, радикулит жана аял оорулары үчүн сунуш кылынууда. Ичүү үчүн көп колдонулбаса да кальций сульфат жана бикарбонат камтыгандыктан ашказан үчүн пайдалуу. Бул бикарбонаттуу суулар ичүү ыкмасында колдонулганда өзгөчө боор жана өттүн үстүндө жумшак таасир жаратат. Бирок, суусун ичүү менен колдонулуусу керек болгон негизги оору бөйрөк оорулары. Өзгөчө бөйрөктө таш пайда болуусунда жана зара жолдору ириңдеп кеткенде жана функционалдык ооруларда пайдаланыла алат.
Арашан суусунан сиңдирүү, диабет, гуатр, кысыр, тиштердин чириши, астым сыяктуу оорулардын дарылануусунда пайдаланылат.
Болу арашандарынын деңизден бийиктиги дарылоодо башка таасир катары роль ойнойт. Жакынында орун алган Гөлжүк көлү жана башка табигый кооздуктар саламаттыкты сактоо туризми жактан пайдаланылуусу керек болгон элементтер. Климаттык шарттарга көңүл бурула турган болсо, аймактын көп тараптуу жана абдан бай мүмкүнчүлүктөргө ээ экени көрүнөт.
Күн өткөн сайын кызуугалардын көбөйгөнү көрүнгөн аймакта панционат тармагы өнүккөн. Бул өнүгүү тегеректе социалдык мекемелердин жетерлик деңгээлде өсүүсүнө себепчи болгон. Жаңы курулган кошумчалар менен арашандардагы жалпы орундук саны көбөйтүлүп жатат, жетерлик болбошу менен сезон учурунда лагерь чатырлары ишке кирет. Транспорт маселеси жок. Ар 15 минутада бир облустун борборунан чыккан коомдук транспорттор менен аймакка барууга болот.
Табигый булактар колдонулган Физикалык дарылоо жана реаблитация ооруканасы өлкөнүн бул тармактагы эң негизги ооруканалырынын бирөөсү. Өзгөчө ревматизм оорулары, сөөк ооруларында жогорку дарылоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ жана 150 орундукка ээ жана адис кадры менен кызмат кылууда.
Болунун шыпаалуу суулары ириңи болбогон ревматизм оорулары үчүн абдан пайдалуу.
Болу – Кыбрысчык жолунун үстүндө облустун борборуна 5 километр алыстыкта Гөлжүк көлүнүн жакынында орун алган Көкез табигый булак суусу карагай токойлорунун арасында орун алган теңдеши жок эс алуу жери. Мына ушул эс алуу жеринен, дүйнөнүн эң кооз ичүүгө боло турган сууларынын бирөөсү болгон Көкез минаралдык суусу кайнап турат.
Башка минералдык суу да ушул районго караштуу Өмерлер айылынан чыккан Өмерлер минаралдык суусу. Минералдуу муздак суулар тобуна кирген суу жүрөк – тамыр жана дем алуу жолдорунун оорулары үчүн пайдалуу.